Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Эшимбеков: Кыргызстан БАЭни көп жагынан кызыктырат


Эшимбеков: Кыргызстан БАЭни көп жагынан кызыктырат
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:38 0:00

Эшимбеков: Кыргызстан БАЭни көп жагынан кызыктырат

Бириккен Араб Эмирлиги Нарын-Торугарт жолун курууга 57 миллион доллар жеңилдетилген насыя берет. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчиси Чыңгыз Эшимбеков "Азаттыктагы" маегинде билдирди.

Элчи Бириккен Араб Эмирлигинин тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу боюнча министри, шейх Абдулла бин Зайед Аль-Нахайяндын 24-майдагы Кыргызстанга бир күндүк расмий сапары, эки өлкө ортосундагы алака-катыш тууралуу айтып берди.

"Азаттык": Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин дипломатиялык кызматташтыгына былтыр туура 20 жыл толду, элчиликтин ачылганына бир жылдан ашып калды. Эки өлкөнүн ортосундагы алака-катыштагы маанилүү, урунттуу учур деп президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдагы расмий сапары айтылып жүрөт. Анда онго жакын документке кол коюлганы, басымдуу бөлүгүн экономикалык долбоорлор түзгөнү белгилүү. Ошондон бери эмне өзгөрдү, кандай жылыштар болду?

Чыңгыз Эшимбеков: Эки өлкөнүн саясий деңгээлдеги биринчи алакасы президент Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен барганда башталган. Ошол сапар маалында элчилик түзүлгөнү жарыяланган. Биздин иштегенибизге бир жылдан бир аз ашты. Эки өлкө ортосунда экономикалык, консулдук келишимдерге кол коюлган болчу. Азыр ошол келишимдерди ишке ашыруу багытында иштеп жатабыз.

Президент Алмазбек Атамбаев Абу-Дабинин Мураскор ханзаадасы Шейх Мухаммед бин Заид ал-Нахайян менен жолугушууда. 4-декабрь, 2014-жыл
Президент Алмазбек Атамбаев Абу-Дабинин Мураскор ханзаадасы Шейх Мухаммед бин Заид ал-Нахайян менен жолугушууда. 4-декабрь, 2014-жыл

"Азаттык": Экономикалык долбоорлор, инвестиция тууралуу айтып бересизби. Ушул жаатта ишке аша турган сунуштар барбы? Бириккен Араб Эмирлиги энергетика, тоо-кен, туризм тармагына кызыгып жатат деп айтылды эле.

Чыңгыз Эшимбеков: Азыр кайсы бир тармакты так айтуу кыйын. Эки өлкөнүн эксперттерине кайсы тармактарга көңүл бурабыз, кайсы тармак эки өлкө үчүн тең перспективдүү болот деген эң негизги суроо болуп жатат. Былтыр апрелде Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирлигинин министри келип кетти. Анда бизнес-форум өткөргөнбүз.

24-майда Бишкекке Бириккен Араб Эмирлигинин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык боюнча министри, шейх Абдулла бин Зайед Аль-Нахайян расмий сапар менен келет. Анын сапарынын алкагында да бизнес-форум өтөт. Министрди бизнес делегация коштоп келе жатат.

“Азаттык”: Ал перси булуңундагы мамлекеттерден Кыргызстанга келген мартабалуу конок экени белгиленип жатат. Бул сапардан эмнени күтсө болот?

Чыңгыз Эшимбеков: Бириккен Араб Эмирлигинин тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу боюнча министри шейх Абдулла бин Зайед Аль-Нахайяндын биздин өлкөгө сапарынын саясий мааниси чоң. Бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы алака-катыштын мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө болот.

Абдулла бин Зайед Аль-Нахайян.
Абдулла бин Зайед Аль-Нахайян.

Буга чейин экономикалык кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган. Ал соода-экономикалык тармактагы эң негизги документ болуп эсептелет. Келишим бизге бул жаатта кенен жол ачып берет. Элчилик БАЭни ар бир тармакка кызыктырууга аракет кылып жатат. Бизнесмендердин көңүлүн эң негизги приоритеттүү тармактарга бурганга аракеттенүүдөбүз.

Министрди коштоп келе жаткан делегациянын ичинде ири, чоң мамлекеттик компаниянын өкүлдөрү бар. Алардын арасынан “Мубадала” деген компанияны белгилесек болот. Бул Эмирликтеги негизги инвестициялык компания деп эсептелет жана көптөгөн өлкөлөрдө ири долбоорлорду ишке ашырып жатат. Ал компанияны бир нече долбоорлорго чакыралы деп жатабыз. Тоо-кен, соода тармактарын изилдеп, тиешелүү мамлекеттик органдар менен жолугуп, сүйлөшүп, ишке ашырууга мүмкүн болгон сунуштарды берели деген тилегибиз бар.

Министрди "Абу-Даби" фондунун өкүлдөрү коштоп келе жатат. Бул фонд Нарын-Торугарт жолун оңдоого шарты жеңилдетилген 57 миллион доллар насыя берүүдө. Андан сырткары ири ишкерлер да келе жатат. Аларды биздин ишкерлер менен тааныштырып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырганга аракет кылабыз.

“Азаттык”: Менин колумда айрым бир статистикалык маалыматтар турат. Мисалы, 2012-2014-жылдар аралыгында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү алты эсеге көбөйүптүр жана 147,8 миллион долларды түзүптүр. Бирок 2015-жылы төмөндөгөн экен. Сооданын 90 пайызын экспорт түзөт экен. Соода-экономикалык алака-катышты жакшыртуунун кандай жолдору каралууда?

Чыңгыз Эшимбеков: Соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн азаяшы бизди ойлондурбай койбойт. Бул маселени биз БАЭдеги кесиптештерибиз менен дагы талкуулап келебиз. Биздин Экономика министрлиги менен да бул маселени талкуулап, анализ жасап жатабыз. Негизи соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн азаяшы глобалдык тенденция экен. Кыргызстандын жалпы эле соода көлөмү төмөндөп жатат.

Экспорттун басымдуу бөлүгүн алтын түзөт. Бириккен Араб Эмирлигинде алтындын ар кандай түрү сатылат экен. Алтын соодасынын дагы төмөндөшүнө Кыргызстандын тышкы экономикалык режиминин өзгөрүшү да себеп болууда. Бул жаатта жаңы өнөктөштөр пайда болуп жатат. Мисалы, Кытай биздин алтын базарыбызга кызыгууда. Ошондуктан бул жерде жалпы тенденция көбүрөөк таасир этип жатат.

Абу-Даби шаары.
Абу-Даби шаары.

“Азаттык”: Бириккен Араб Эмирлигин Кыргызстандын алтынынан башка дагы эмне кызыктырышы мүмкүн?

Чыңгыз Эшимбеков: Албетте, айыл чарба продукцияларын араб өлкөлөрүнө экспорттосок болот. Биз Бириккен Араб Эмирлигиндеги өнөктөштөрүбүз менен бир канча ирет жолугушууларды өткөрдүк. Айрым бир ири компаниялардын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, биздин өлкөнүн потенциалын көрүп кетишти. Бул жатта Эмирликтин кызыгуусу бар. Алар биздин айыл чарба продукциябызды алганга даяр болуп жатышат. Бул жерде эң негизгиси биз өзүбүздү буга даяр кылышыбыз керек, продукциябызды алардын стандарттарына жеткиришибиз кажет, үчүнчүдөн логистика маселесин чечүү зарыл болуп жатат.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, биздин продукциянын көлөмү аздык кылып жатат. Эмирликтин муктаждыгы абдан чоң. Эгерде биз келишим түзүп, айыл чарба продукциясын ташый турган болсок, чоң көлөмдө камсыздай алаарыбыз тууралуу кепилдик беришибиз керек. Үзгүлтүксүз ташып турсак алар биз менен иштешүүгө даяр. Бул тармактагы эң негизги маселе айыл чарба адистери, мамлекеттик органдар менен чогуу иштеп бир стратегия иштеп чыгып, ошону ишке ашыруу болуп жатат.

“Азаттык”: Эми дагы бир маанилүү тармак – туризм тууралуу сүйлөшсөк. Бириккен Араб Эмирлигинде Кыргызстанга туристтерди тартуу боюнча иштер жасалып жатабы?

Чыңгыз Эшимбеков: Биз бул өлкөдө Кыргызстанды таанытуу, анын туристтик потенциалы, ири иш-чаралар тууралуу маалымат берүү максатында бир топ иштерди жасап жатабыз. Мисалы, былтыркы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Бириккен Араб Эмирлигинен үч топ келди. Биринчи делегация маданият министри баштаган расмий деңгээлдеги адамдар болду. Алар оюндун расмий ачылышына катышты. Экинчиси мүнүшкөрлөр клубунун тобу болду. Алар куш салып, өздөрүнүн салты менен тааныштырды, оюндарын көрсөттү. Бул кыргыз коомчулугуна жаңылык болду. Үчүнчүсү - бул өлкөнүн алдыңкы, ири медиасында иштеген журналисттер. Алар көчмөндөр оюнун баштан-аяк тартып кетишкен, натыйжада ири телеканалдардан бул оюндар, кыргыз элинин салты тууралуу бир сааттык берүү көрсөтүлдү. Менимче, бул иш-чаралар Кыргызстанды Бириккен Араб Эмирлигине таанытууга абдан чоң салым кошту.

Азаттык: Эмирликте жүргөн кыргызстандыктар тууралуу айтып бересизби. Канча жаран жүрөт, эмне менен алектенишет, ынтымак-катышы кандай дегендей?

Чыңгыз Эшимбеков: Расмий булактарга таянсак, бул өлкөдө үч миң жараныбыз бар. Арасында иштеп жүргөндөр, ишкерлер бар. Кээ бир жарандарыбыз билим алып жатышат. Басымдуу бөлүгүн тейлөө тармагында иштеген мекендештерибиз түзөт. Ири соода жайларында, ири компанияларда иштеген, чоң деңгээлге жеткен чыгаан уул-кыздарыбыз көп.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат, аман болуңуздар. ​

Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG