Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 20:03

Бизнес: бийлик убадасын иш менен бекемдеши керек


Президент Садыр Жапаров, 23-июнь, 2021-жыл

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын ишкер чөйрөсү менен 23-июндагы жолугушуусунда жергиликтүү ишкерлерди коргоо жана колдоо багытында бир топ убадаларды берди. Бийликтин убадалары ишкерлерде ишеним жарата алдыбы?

Ишкерлердин жүзгө чамалуу өкүлү катышкан жыйында көтөрүлгөн маселелердин айрым өңүттөрүн “Азаттык” радиосу “Арай көз чарай” берүүсүндө талкуулады.

Талкууга Кыргыз-түрк иш кеңешинин теңтөрагасы Темирлан Сарлыкбек уулу жана чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев катышты.

“Азаттык”: Президент Жапаров ишкерлер менен жолугушууда ишкердикке мамлекеттин кийлигишүүсүн, ашыкча текшерүүлөрдү, соттошууларды азайтуу үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Антикоррупциялык кызматты жоюу чечимин кабыл алганын билдирди. Ошондой эле, ишкерлердин коопсуздугун, укуктарын Башкы прокуратура коргой турганын айтты. Бул аракеттер ишкердикке жасалган тоскоолдуктарды толук жое алат деп ишенсе болобу?

Кайрат Итибаев: - Бул жакшы ниет. Колдойбуз. Анткоррупциялык кызматтын экономикалык иштерге кийлигишип, ишкерлерди торго салганы туура эмес. Канча жылдан бери эле декриминализация деп келатабыз.

Бирок, Жазык, Жазык-процессуалдык кодекстердин жаңы редакцияларында кайра эле түшүнүксүз жагдай болуп жатат. Жапаровдун администрациясындагы кызматкерлер деле туура эмес долбоорлор чыгып атат, ал экономикалык кылмыш боюнча торго салып койгонго жол ачууда деп айтып атат.

Мисалы, 100 миң сом салык төлөнбөй калса, 5 жылдан 8 жылга чейин кесет экен. Айыбын болсо азайтып коюптур. Бул боюнча бизнес-жамаатта чоң сындар айтылып келатат. Сөз башка, иш (долбоор) башка болуп атат. Президенттин айтканы күч түзүмдөрүнө туура эмес жетип калып атабы же бизге туура эмес түшүндүрүлүп атабы, бүдөмүк болуп атат.

"Антикоррупциялык кызматты жоёбуз" деп кескин айтканы жакты бирок, биз коррупциогендик факторлорго шарт түзүп койгонбуз. Кыргызстанда отуз жылда көмүскө экономика калыптанып калган. Ишкерлер эптеп кылдырап иштеп, салыктан качып жашайт. 90-95 пайыз орто жана чакан бизнес кошумча нарк салыгын төлөбөйт.

Европада деле кошумча нарк салыгы жана акциз менен жашайт экен. Мен баарына сунушумду берип атам. Ошондо капитал, адилеттүүлүк болот. Фискалдык системаны биз адилеттүү шартка алып келмейинче коррупциогендик факторлор да, басым-кысым да боло берет.

Статистиканы көрсөңүз ишкер менен мамлекеттик мекеме салык боюнча соттошсо, сөзсүз салык кызматы жеңип чыгат.

Темирлан Сарлыкбек уулу: - Бизде көмүскө экономика бар экени эч кимге жашыруун эмес. Экинчиден, биз кээ бир органдарды жоюп койсок эле өлкө гүлдөп кетет деген жаңылыш түшүнүк. Мисалы, мурдагы бийликтер коррупцияны жоюш үчүн техникалык кароону алып таштаган. Бүгүн машиненин техникалык начар абалынан эң көп кырсыктар катталууда. Албетте, жоюп таштоо ишкердикке жеңилдик берет. Бирок, жоюп таштоо казынаны толтуруп жиберет деген пикирде эмесмин.

Менин жыйында көңүлүмө жаккан нерсе Соода-өнөр жай палатасын реформалоо болду. Эмне үчүн? Соода-өнөр жай палатасы бүт ишкерлердин башын бириктирип, ишкерлердин укугун коргойт, кандай иш жүргүзүшү керек, салыктар кандай өлчөмдө, кантип төлөнүш керек экенин аныктайт. Башка өлкөлөр менен салыштырып, соода жүгүртүүнү калыбына келтирет. Бийлик соода өнөр жай палатасынын пикирин эске алат. Реформа кылышы керек. Башка жол жок.

Кайрат Итибаев: - Сиз айткандай, Башкы прокуратура ишкерлерди колдоо боюнча бөлүм ачып атат. Мамлекет колунан келгенин кылууда. Бирок, бизнести колдоо сөзсүз эле күч структуралары аркылуу эмес, экономикалык механизмдер аркылуу да колдоо керек. Соода экономикалык палата - өзүн-өзү тейлеген уюм, чатырча. Анын алдында ишкерлерде маселени бирге чечкенге шарт ачылат. Ачык-айкындык орноп, корпоративдик система кирсе ошондо адилеттүүлүк орноп, көмүскөдөн чыгып, натыйжалуу система орномок.

“Азаттык”: - Ишкерлер салыкты кыйгап өтүүгө аргасыз болобуз деп көп айтасыңар. Ишкердин абийирдүү салык төлөөчү болушуна эмне тоскоол болуп жатат? Эмне үчүн салык жашырылат?

Темирлан Сарлыкбек уулу: - Мунун бир нече себеби бар. Биринчиси - Кыргызстандын экономикасында айланган акчанын аздыгы. Акча аз айланган өлкөдө, ишканада акча тартыш болот. Экинчиси - Кыргызстанда отуз жылдан бери орноп калган бир система бар. Салыгыңды таза төлөсөң да, төлөбөсөң да сени сөзсүз текшерип, чай-пулун алып кетет. Бул жерде сабатсыздык да болуп атат. Ишкерлер өзүн-өзү коргой албайт. Коргоого аракет кылганда да "жеңишке жетишем" деген үмүтү жок. Мисалы, Соода-өнөр жай палатасын сотко берип, канча айдан бери жыйынтыгын ала албай жүрөбүз. Сиз салык кызматын сотко берип көрүңүз, жыйынтыгын качан алар экенсиз?! Эч ким убактысын короткусу келбейт.

Президент себепсиз текшерүүнү жоёбуз, бирок, сиздер да салыгыңыздарды таза төлөңүздөр деди. Ишкерлер муну аткарышы керек. Бирок, салыктын адилетсиздиги бар. Салык системасына реформа керек. Көп акча төлөө мүмкүнчүлүгү барлар көп, мүмкүнчүлүгү чектелүүлөргө ошого жараша төлөө шартын түзүү керек. Себеби бюджет салык менен толукталат.

Талкуунун толук видеоверсиясын бул жерден көрүңүз:
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG