Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Садыр Жапаров ишкерлердин убарасын көбөйткөн чиновниктерди сындады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Бишкекте ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда мамлекеттик кызматкерлер ишкерлерди колдошу керектигин билдирди. Ал бюрократия кылып, ишкерлердин ишин создуктурган чиновниктер кылмыш жоопкерчилигине тартылганын айтты.

“Ушул күнгө чейин ишкерлер чиновниктердин аркасынан чуркап жүрсө мындан ары тескерисинче болот. Министрлер ишкерлерге “мына шарт түзүп берейин” деп турушу керек. Антпесек биз мамлекетти көтөрө албайбыз. Министрликтерде ишкерлердин айлап-жылдап бүтпөй жаткан кагаздары дагы деле жатат. Эски заманды унуталы. Бюрократия мындан ары да улана берсе, чиновниктер иштен кетет, керек болсо камалат”, - деди Жапаров.

Садыр Жапаров ишкерлер менен экономиканы өнүктүрүү маселелерин талкуулап жатат.

Ал ишкерлерди колдоо үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы антикоррупциялык кызмат (АКС) жоюларын айтты. (MiK)

XS
SM
MD
LG