Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Аба ырайы: аймактарда өткүн өтөт


Кыргызгидромет агенттиги кабарлагандай, 23-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29;

Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Түнкүсүн 12…14°, күндүз абанын табы 28…30° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 10…12°, күндүз 20…22 градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG