Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Жалал-Абадда айрым мамлекеттик мекемелер карантинге алынды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Коронавирус коркунучунан улам, Жалал-Абад облустук төрөт үйү, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин облустагы филиалы, Сузак районунун аймагындагы бала бакчалар убактылуу жабылды. Буга аталган мекемелердин айрым кызматкерлери вирус жугузуп алганы себеп болгон.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын чечими менен 1-июлдан тартып Жалал-Абад шаарындагы тойканалар убактылуу жабылат. Той-аш, эскерүү жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Базарлар бир күнгө жабылып, дезинфекциялоо жүргүзүлөт.

22-июнда Жалал-Абадда 38 кишиден вирус жаңы аныкталды. 148 киши облустук ооруканада дарыланып жатат.

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус 931 кишиден жаңы аныкталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 116 546 киши вирус жугузуп алды. Анын 105 932си сакайды. Коронавирустун курмандыктары 1945 кишиге жетти. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG