Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Октябрь окуялары: ИИМ Рыскелди Момбековду суракка чакырды


Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду суракка чакырды.

Бул тууралуу саясатчы "Азаттыкка" билдирип, сурак октябрь окуяларына байланыштуу экенин айтты.

Буга чейин "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова дагы октябрь окуяларына байланыштуу 23-июнга ИИМге суракка чакыртылган.

Милиция октябрь окуяларынан улам оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовду камаган. Ага алгач "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып коюлган. Кийин мындай берене өзгөрүп, октябрь окуяларында "калайман башаламандык уюштурган" деген кине тагылган.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, калайман тополоң бийлик алмашуу менен аяктаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG