Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Талас: чекисттер аралашкан чырдан улам кызматтык иликтөө башталды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Таластагы кызматкерлеринин кылык-жоругу тууралуу маалымат таратты.

Анда чекисттер Таласта жергиликтүү тургундар менен чырлаша кеткени, окуяда тапанча колдонулбаганы жазылган.

“УКМКнын кызматкерлери жергиликтүү тургундарды коркутуп, көрсөтмөсүн өзгөртүүгө мажбурлашты деген маалымат да чындыкка дал келбейт. Анткени, тараптардын оозеки кайым айтышуусунан кийин, окуя элдешүү жолу менен жөнгө салынган. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен тийиштүү чаралар көрүлөт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Kaktus.media сайты УКМКнын кызматкерлери мас абалында Таласта эс алып жүргөн жай тургундарды ур-тепкиге алып, травматикалык тапанча менен аткылаганын жазган. Мунун айынан эки киши жабыркап, ооруканага жаткырылган. Басылманын маалыматында чекисттер токмок жеген тургунду милицияга берген көрсөтмөсүн өзгөртүүгө мажбурлаганы жазылат. (MiK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG