Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Сокулук: айдоочуга орой мамиле кылган инспектор иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Чүйдүн Сокулук районунда айдоочуга орой мамиле жасаган инспекторго байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүздү. Анын натыйжасында кызматкер өз милдетин талап-эрежеге ылайык аткарбаганы үчүн иштен алынды. Ошондой эле аталган башкармалыктын Сокулук райондук бөлүмүнүн башчысына сөгүш жарыяланды.

Буга чейин интернетке "Сокулукта инспектор айдоочуну сөктү" деген аталыштагы видео жарыяланган жана ал талкуу жараткан.

Май айында Ош шаарында жүргүнчү менен айдоочуну сөккөн, кол көтөрүүгө аракет кылган милиция кызматкери иштен алынган. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгы анын жанында жүргөн МАИ кызматкерин дагы жумушунан бошотуу тууралуу жетекчилигине сунуш берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG