Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

УКМКнын алдына митингге чыккан Бабановдун тарапташтары тарады


Өмүрбек Бабановдун тарапташтары анын үй камагына бошотулушун, ишинин калыс тергелишин талап кылышты.
Өмүрбек Бабановдун тарапташтары анын үй камагына бошотулушун, ишинин калыс тергелишин талап кылышты.

"Кумтөр ишине" байланыштуу камакка алынган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун атайын кызматтын имаратынын алдына митингге чыккан тарапташтары тарады. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) келип, саясатчынын үй камагына чыгарууну, ишинин калыс тергелишин талап кылышты.

Мунун алдында Бишкек шаардык соту Бабановдун бөгөт чарасын жабык карап, аны 31-июлга чейин тергөө абагында калтырды. Анын адвокаты Амантур Абдрахманов чечимди мыйзамсыз деп атады.

"Биздин жүйөлүү негиздерибизди эске албай, айыбын негиздебей чечим кабыл алды. Бул мыйзамсыз чечим. Сот жактоочуларынын дооматтарын кабыл албай койду. Бабанов эч кайда качпайт, тергөөгө, күбөлөргө басым кылмак эмес. Ага байланыштуу 120 депутаттын 74ү өтүнүч менен кайрылган".

Бабановду 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ага Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган. Биричи май райондук соту саясатчыны эки айга тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.

2011-2012-жылдары премьер-министр болгон Бабанов кылмыш ишин “абсурд” деп атаган. Атайын кызмат ага тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде иш козголгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG