Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Кытай вакцинасы ушул аптада келиши мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдын коронавируска каршы вакцинасынын экинчи партиясы ушул аптанын аягына чейин келиши мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Гүлбара Ишенапысова билдирди.

“Вакцина 20-июнда даяр болгон. Аны Кыргызстанга жеткирүүгө UNICEF жардам берип жатат. Учурда авиакаттамдар аз болуп жаткандыктан UNICEF эл аралык келишимдердин негизинде Түркия аркылуу чартердик рейс менен алып келгени жатат. Вакцинанын келиши биздин министрликтен көз каранды эмес. Авиакаттамдар аз болгондуктан кечеңдеп жатат”, - деди Ишенапысова.

Кытайдан гуманитардык жардам катары келе турган Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясы 20-июнга чейин келери айтылган. Препаратты Кыргызстанга жеткирүү ишин UNICEF камсыздап бермей болгон.

Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү 29-мартта башталган. Кытай жана Орусиядан жалпы 95 миң кишиге жеткидей вакцина келген, алардын биринчи партиясы майдын аягында түгөнгөн.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 116 546 киши вирус жугузуп алды. Анын 105 932си сакайды. Коронавирустун курмандыктары Кыргызстанда 1 945 кишиге жетти. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG