Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Акыркы суткада миңге жакын кишиден коронавирус аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы бир суткада Кыргызстанда коронавирус 931 кишиден жаңы аныкталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Вирус жугузуп алгандардын эң көбү Бишкекте (435) жана Ошто (147).

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев 22-июнда билдиргендей, COVID-19 илдетинен сегиз бейтап каза болду. Анын бешөө Бишкекте, экөө Чүйдө, бирөө Ошто.

Муну менен коронавирустун курмандыктары Кыргызстанда 1 945 кишиге жетти.

Мурда ооруп жаткандардын ичинен 522 киши сакайып чыкты.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 116 546 киши вирус жугузуп алды. Анын 105 932си сакайды.

Учурда 2 436 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 93 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Ушул күндөрү Кыргызстанда 90 миңден ашык киши эмдөөдөн өттү. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат.

Буга чейин эл аралык COVAX программасынын алкагында Astra Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы келери да маалымдалган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG