Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Шаардык сот Бабановдун бөгөт чарасын өзгөртүү арызын жабык карап жатат


Өмүрбек Бабанов. Биринчи май райондук сотунун алды.
Өмүрбек Бабанов. Биринчи май райондук сотунун алды.

Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык сотунда "Кумтөр иши" боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу анын адвокатынын арызын карап жатат.

Соттун имаратынын алдына саясатчынын ондогон тарапташтары чогулду.

Бабановдун адвокаты саясатчыны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирген.

Бабанов 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка баргандан кийин кармалган. Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган мурдагы премьер-министр Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-июлга чейин камалган.

2011-2012-жылы премьер-министр болуп турган Бабанов өзүнө козголгон кылмыш ишин “абсурд” деп атаган. Атайын кызмат ага тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде иш козголгонун билдирген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG