Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Грузия: Бериянын кароосуз калган дачасы аукциондо сатылды


СССР. Москва. Лаврентий Берия И. Сталиндин таажиясында. 6-март, 1953-жыл.
СССР. Москва. Лаврентий Берия И. Сталиндин таажиясында. 6-март, 1953-жыл.

Грузиянын Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, мурдагы элдик комиссар жана СССРдин мурдагы ички иштер министри Лаврентий Бериянын Тбилисиден анча алыс Кожори аймагындагы жайкы резиденциясы аукциондо 2 млн 504 миң грузин лариге же 800 миң АКШ долларына сатылды.

Аны Грузиядагы "Иберотель" инвестициялык компаниясы сатып алды. Дача менен кошо компаниянын менчигине анын 22 миң 560 чарчы метр жер тилкеси короо жайы менен кошо өттү.

"Иберотелдин" директору Иване Барбакадзе журналисттерге компания дачаны кандай максатта колдонорун азырынча билбей турганын айтты. Анткени постсоветтик жылдарда дачанын имараты эскирип, жараксыз абалга келип калган.

Анткен менен атайын кызматтын катаал башчысынын дачасы мейманкана катары колдонулушу мүмкүн экени айтылды. Себеби бул имарат табияты кооз Кожори курорттук районунда жайгашкан.

Бул жай Лаврентий Берия 1953-жылы соттолуп, атылгандан кийин СССРдин ички иштер министрлигинин карамагында турган. Өлкө эгемен болгондон кийин бул жерде аз убакыт балдардын жайкы лагерлери уюштурулган. Андан кийин имарат кароосуз калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG