Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:11

Армения: шайлоодо Пашиняндын партиясы жеңди


Николь Пашинян. Ереван, 21-июнь 2021-жыл
Николь Пашинян. Ереван, 21-июнь 2021-жыл

Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян парламенттик шайлоону жеңгенин жарыялады. Алдын ала жыйынтыктарга караганда, анын “Жарандык келишим” партиясы добуштардын 53,92% алды.

Экинчи орунда келген экс-президент Роберт Кочаряндын “Армения” альянсына 21,04 % добуш тийди. Бирок блок бурмалоолор болгонун айтып, шайлоонун жыйынтыгын тааныбасын билдирди.

Ошентип, Азербайжан менен Тоолуу Карабактын айланасындагы соңку куралдуу жаңжалдан кийин кошуна өлкөгө багынып берди деген нааразылыкка, катуу сынга карабай Пашинян шайлоону жеңип чыкты.

“Армениянын эли биздин “Жарандык келишим” партиясына өлкөнү жетектөөгө мандат берди жана мени премьер-министр кылып тандады”, - деп билдирди Пашинян дүйшөмбү күнү эртең менен. Бирок анын партиясына өз алдынча өкмөт түзүү үчүн 0,08 процент добуш жетпей калды.

Пашинян тарапташтарын 21-июнда кечинде Еревандын борбордук аянтына чогулууга чакырды.

Экинчи орунда келген Кочаряндын альянсы мыйзам бузуулар текшерилмейинче, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди.

“Шайлоо участокторунан уюшулган жана пландалган бурмалоолор тууралуу жүздөгөн маалыматтар түшүүдө. Бул – жыйынтыкка ишенбөөгө олуттуу негиз берет”, - деп айтылат саясий блок жарыялаган билдирүүдө.

Шайлоо кампаниясы коркутуп-үркүтүү, акаарат, катуу сөздөр менен коштолуп, оппозициянын ондон ашуун талапкери жана активисттер добуштарды сатып алуу, опузалоо үчүн айыпталып кармалган. Мындан улам шайлоодон кийин зомбулук тутанбайбы деген чочулоолор да айтылып келди.

Элдин пикирин сурап билүүлөр негизги күрөш Пашиняндын партиясы менен экс-президент Кочаряндын альянсы ортосунда жүрөрүн көргөзүп келген. Атап айтканда, ар бирин респонденттердин 24% колдоорун айткан.

Парламенттеги орундар үчүн 25 партия жана альянс ат салышты. Борбордук шайлоо комиссиясы 2,6 миллион шайлоочунун дээрлик 50 % өз эркин билдиргенин маалымдады.

Алдын ала жыйынтыкка ылайык, калган партиялар шайлоо босогосунан өтө алган жок. Мыйзамда парламенттеги мандаттар кеминде 3 партиянын ортосунда бөлүштүрүлүшү керек деп жазылгандыктан, босогодон өтө албай, бирок көп добуш алган партиялардын бири орундарга ээ болмокчу.

Былтыр күзүндө Азербайжан менен куралдуу жаңжалды токтотуу жөнүндө Орусиянын арачылыгы менен жетишилген келишимге кол коюлгандан кийин оппозициянын катуу нааразылыгына кабылган Пашинян мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү жарыялаган.

Сөз болгон келишимге ылайык, Армения 1990-жылдардын башында Тоолуу Карабакта ээлеп алган аймактардын ири бөлүгүн Азербайжанга кайтарууга макул болгон. Мындай шартты багынып берүү катары баалаган оппозиция гана эмес катардагы армяндар да көчөлөргө чыгып нааразылыгын билдирип келишти.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары 21-июнда жергиликтүү саат боюнча түштөн кийин шайлоонун жүрүшүнө өз баасын бермекчи.

Ал эми Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Тигран Мукучян добуш берүү “жалпы жонунан” мыйзамга ылайык өткөнүн билдирди.


Пашинян Баку менен макулдашуу багынууга тете деген дооматтарга жооп кайтарып, Түркия колдогон азери армиясынын Тоолуу Карабакты толугу менен көзөмөлгө алышына жол бербөөгө аракеттенгенин айтууда.

Никол Пашинян добуш берүү учурунда.
Никол Пашинян добуш берүү учурунда.

Премьер буга чейинки бийликтин маселени чечүү үчүн дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарганын, коррупциядан улам куралдуу күчтөр каралбай калганын сындаган.

Куралдуу жаңжалда 6 миңден көп киши өлгөн, миңдеген карапайым киши жер которууга аргасыз болду. Анклавдын айланасындагы кырдаал азыр да чыңалган бойдон калууда. Узак мөөнөттүү тынчтык качан орнотулары белгисиз.


Ал эми теги карабактык экс-президент Кочарян шайлоо кампаниясында коопсуздукту, экономикалык өсүштү, саясий стабилдүүлүктү камсыздоого убада берип келди.
Өлкөнү 1998-2008-жылдары башкарган саясатчы 1990-жылдардын башындагы согушта Тоолуу Карабактагы жикчил күчтөрдүн лидерлеринин бири болчу. 1994-97-жылдары аймактын алгачкы де факто президенти болуп турду. Мамлекет башчы кезинде 2008-жылы Еревандагы демонстрацияны кууп-таратууга полицияны жөнөткөндүгү үчүн айыпталган. Ошондо тартип коргоочулар менен кагылышууда 8 киши каза тапкан.

Роберт Кочарян.
Роберт Кочарян.


Пашинян ошол акцияларды уюштургандардан эле. Кийин ал камалып, үч жылдан кийин мунапыс менен бошотулган.

Бир нече жылдан соң Кочарян ошол окуяга байланыштуу күнөөлүү деп табылып, бир жарым жылдай тергөөгө чейинки жайда отуруп, быйыл ага каршы айыптоолор алынган. Экс-президент ишти Пашиняндын өч алуусу деп эсептейт. Бирок ага каршы коррупция боюнча да иликтөөлөр уланууда.

Шайлоого ат салышкандардын арасында дагы бир мурдагы мамлекет башчы Серж Саргсяндын блогу, биринчи президент Левон Тер-Петросяндын партиясы бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG