Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Памирлик кыргыздардын мал кармоо түйшүгү


Садыр Жапаров Алайга көчүрүлүп келген этникалык кыргыздар менен. 2021-жыл, апрель.

Алай районунун Талды-Суу айылына Памирден көчүрүлүп келген 17 үй-бүлөгө мамлекет мал берди. Өткөн жумада ар бир үй-бүлөгө ондон кой, бирден саан уй жана жылкы жеткирилген. Бирок аларга тоют камдоого үлүш жер бөлүнүп бериле элек жана сарайлары жок.

Ооганстандан келип, Кыргызстанда орун-очок алып калган Абдугапар Абдырасулов биз барган учурда койлорун талаадан айдап келип короого камап жатыптыр. Ал малдуу болуп калганына сүйүнүп жатканы менен кышты ойлоп сарсанаага батып жатканын кеп салды.

Абдугапар Абдырасулов
Абдугапар Абдырасулов

“Биз малсыз жашай албайбыз. Памирде деле биздин тиричилик мал менен болчу. Президент "ар бир үй-бүлөгө 10 кой, бирден музоолуу уй менен жылкы беребиз" деп убада берип кеткен эле. Мен ошондо эле сүйүнүп достор менен кышкы чөбүнө аракет кылып баштагам. Азыр кышкыга даярдык кылышым керек”.

Алайда жашап жаткан памирлик кыргыздардын бири Нурлан Абубакир сарай керек экенин айтты.

“Атайын малды бергенден кийин "шарт жок" деп башкаларга бергенибиз да болбойт. Ошон үчүн биз айыл өкмөткө "сарай таап бергиле" деп айттык”.

Памирден келгендер үчүн Талды-Сууда үлүш жер бөлүнүп бериле элек. Ага улай жайыт да тартыш болууда. Ошол себептүү айылда мал кармоо чоң түйшүккө айланды.

Ал арада Абдинасир Эмин уулу 17 түтүнгө берилген мал-жандыктардын баарын жыйнап жайлоого кетүүгө камынууда.

Абдинасир Эмин уулу
Абдинасир Эмин уулу

“Азыр 170 койдун бири өлүп калып, азыр 169 калды. Буюрса жайлоого чыгайын деп жатам. Ал эми жылкыларды кароо кыйын экен. Айгыр болбосо жылкы бир жерде турбайт. Ошондуктан жылкыны ар кимиси ар жактарга беришти. Мен азыр 14 уй торпогу менен анан ушул койду алып чыгам. Бир эки кошунабыз малдарын башкалар менен сүйлөшүп жайлоого берди".

Талды-Суу айылы Алай району менен Чоң-Алай районунун ортосунда жайгашкан . Тоолуу, шарты катаал аймак Ош облусунан 210 чакырым алыс.

Буга чейин Памирден келгендерге демөөрчүлөрдүн жардамы менен гана азык-түлүк жана каржылык колдоо көрсөтүлүп келген. Өткөн жумада президенттин фондунан 10 тонна азык-түлүк берилген.

Сарай салуу планы

Талды-Суу айыл аймагынын башчысы Данышбек Кеңешов жакынкы күндөрү жер бөлүнүп айылдыктардын көмөгү менен сарай салууга аракет көрүлүп жатканын маалымдады. Ал 17 үй-бүлөнүн мал-жандыгы бир жайда кармаларын билдирди.

Danyshbek Keneshov
Danyshbek Keneshov

“Азыр сарай салуу жагын карап жатабыз. Жергиликтүү усталар менен сүйлөшүп, өздөрүнөн да кошулса демөөрчү издеп ошону менен сарай салып беребиз деп турабыз. Узунун 10,5 метр, туурасын 4,5 метр кылып үч бөлмөлүү сарай салабыз. Бирисине мал, экинчисине кой, кийинкисине жылкыларын кармашат. Азыр алар таштарын чогултуп, анча-мынчасы кыш куюп жатышат. Бүгүн Гүлчөгө барып кыш калптарды алып келип, эртең топурак түшүрүп сарай салуунун аракетиндебиз”.

Ооганстандагы кыргыздарды алып келүү 2017-жылы башталып, алгач Нарын жана Ош облустарына көчүрүлүп келген. Өкмөт былтыр Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылына 11 үй куруп, 17 ооганстандык үй-бүлөнү жайгаштырган.

Садыр Жапаров Алай районуна көчүп келген памирлик кыргыздар менен жолугушту
Садыр Жапаров Алай районуна көчүп келген памирлик кыргыздар менен жолугушту

Быйыл президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Ооганстандан келген 44 адамга Кыргызстандын паспорту берилген. Жапаров 4-апрелде Алайда памирлик кыргыздар менен жолуккан. Анда Ооганстандагы боордошторду Кыргызстанга жапырт көчүрүп келүү ниетин билдирген болчу.

"Бүтүндөй кыйналып, "Памирде жоголуп баараткан" десек болот. Жоголуп бараткан кыргыздарды көчүрүп келүү менин көкүрөгүмдөгү иш болчу. Мен ушуну жакын арада, Кудай буюрса аткарам. Өз көзөмөлүмө алам. Каражатыбыз бар. Каяктан каражат алып, кантип көчүрүп келебиз, кантип жайгаштырабыз баардык булактарды таап койдук. Баардык жакшынакай шарттарды түзүп беребиз", - деген Жапаров.

23 жаштагы Фазилхак Памиров жакынкы күндөрү коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп Ооганстандагы памирлик туугандарынан кабар алып келем деп жүрөт. Талды-Сууга келгенден кийин да Памирдеги туугандары менен күн алыс сүйлөшүп турат. Анын айтымында, ооган бийлиги акыркы убактарда Памирге көңүл бура баштады. Шарты катаал аймактын жолун оңдоп, оорукана салган.

Фазилхак Памиров
Фазилхак Памиров

“Памирдегилер менен да сүйлөшүп турабыз. Аларда да бул жакка кызыгып "келебиз" дегени, "келбейбиз" дегендери бар. Эл арасында ар кандай ой болуп жатат. Биз Кыргызстанга кете баштагандан кийин ооган бийлиги көңүл бура баштаган. Азыр жол салып, оорукана курушуптур. Бирок ал жакта быйыл кыш катаал келгендиктен Памирдегилерде Кыргызстанга кызыгуу бар. Жакында Памирге барам. Ошондо бул жактагы абал тууралуу толук маалымат алышса, Кыргызстанга келчүлөр көп болсо керек”.

Жогорку Кеңештеги социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин эксперти Салтанат Бараканова, памирлик кыргыздарды мекенине кайтаруу саясаты туура деп эсептейт. Бирок алардын баары эле Кыргызстанга келүү ниетинде эмес. Бараканова Памирге беш ирет барып келген, ал жакта жетим-жесирлер да бар экенин айтат.

Ал Кыргызстанга кайткандардын басымдуусу колунда бар, бардар үй-бүлөлөр экенин билдирип, мамлекет Памирдеги аялуу катмарга көңүл бурушу керектигине токтолду.

“Ал жакта малы жок кедейлер менен жетим балдар бар. Бул жакка акчасы бар колунда барлары келишти. Анткени аларга ал жакта Кабулга барып акча төлөп паспорт алышы өтө кыйын. Жетимдерди каттап, ошолорду алып келип окутуп, жардам берсек жакшы болмок”.

Азыркы учурда Памирде жашагандардын жалпы саны 1,5 миңге чамалайт. 2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Кийинчерээк бир нечеси Ооганстанга кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар шарты катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоо мүмкүнчүлүгү дээрлик жок Чоң жана Кичи Памир өрөөнүн байырлайт.

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG