Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

Алайда памирлик кыргыздарга паспорт берилди


Памирден келген кыргыздарга паспорт берүү иш-чарасы.
Памирден келген кыргыздарга паспорт берүү иш-чарасы.

Алай районунун Талды-Суу айылында жашап жаткан памирлик 44 жаранга Кыргызстандын паспорту берилди. Аны өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов тапшырды.

"Памирден келгендерге шарт түзүп, аларды жумуш орундар менен камсыздашыбыз керек. Балдарына да күбөлүк берилет. Балдар билим алат. Алар башка жарандардай эле бардык укуктарга ээ болот" , -деди облус башчысы.

Президент Садыр Жапаровдун 16-апрелдеги жарлыгына ылайык, Кытай менен Ооганстандан келген 111 этникалык кыргызга жарандык берилген.

Памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар билим алууга жана ден соолукту чыңдоого шарты жок Чоң жана Кичи Памир тоолорун байырлайт.

2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Кийинчерээк бир нечеси Ооганстанга кеткен бойдон кайтып келген эмес. (MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG