Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

АКШ Кабулдагы кызматчыларынын жарымын өлкөдөн кетүүгө чакырды


Ооганстан. Кабул шаары. Ооганстандын коопсуздук күчтөрү жардыруудан кийин.
Ооганстан. Кабул шаары. Ооганстандын коопсуздук күчтөрү жардыруудан кийин.

АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык кызматкерлерди эгер башка жактан жумушту уюштурууга мүмкүн болсо, анда Кабулдан чыгып кетүүгө милдеттендирген сунуштама берди.

“Адамдарды уурдоо, барымтага алуу, террордук чабуулдар жана жанкечтилерди колдонуу аркылуу жардырууларды уюштуруу көп болуп жаткандыктан Ооганстандын бардык аймагында жүрүү кооптуу”,- деп жазылган сунуштамада.

Мамдепартаменттин басма сөз кызматынын "Reuters" агенттигине берген түшүндүрмөсүндө бул буйрук АКШнын Кабулдагы элчилигинин айрым кызматкерлерине гана тиешелүү экени белгиленген. Бирок алардын так саны көрсөтүлгөн эмес.

«Бул кадамга байланыштуу биз өз ишибизде кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү күткөн жокпуз», - деп белгилешти Мамдепартаменттин борбордук кеңсесинен.

Бул сунуштама Ооганстандан АКШнын калган 2,5 миңдей аскерин чыгаруу иш-чарасынын алкагында даярдалды.

АКШнын президенти Жо Байден быйыл 11-сентябрга чейин «Аль-Каида» уюштурган Нью-Йорк менен Вашингтондогу террордук чабуулдардын 20 жылдыгына карата Ооганстандан аскерлер чыгарын билдирген.

Ошол чабуулдар 2001-жылы АКШ баштаган эл аралык күчтөрдүн Ооганстанга аскер киргизүүсүнө себеп болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG