Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Зеленский: Орусиялык аскерлер каалаган учурда кайтып келиши мүмкүн


Украина. Херсон облусу. Президент Владимир Зеленский украин аскерлеринин күжүрмөн даярдыгын текшерүүдө. 27-апрель, 2021-жыл.
Украина. Херсон облусу. Президент Владимир Зеленский украин аскерлеринин күжүрмөн даярдыгын текшерүүдө. 27-апрель, 2021-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 27-апрелде украин жоокерлерин күжүрмөн даярдыкта болууга чакырып, “орусиялык аскерлер өлкөнүн чек арасына жакын аймактарга каалаган учурда кайтып келиши мүмкүн экенин” эскертти.

Украинанын куралдуу күчтөрү бир нече жылдан бери өлкөнүн чыгышындагы орусиячыл жикчилдер менен күрөшүп келет.

Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин Донбасста 2014-жылы жазында куралдуу чатак башталган.

Соңку мезгилде Украинанын түндүк жана чыгыш чек арасына жакын тилкелерде жана Крымда орусиялык аскерлердин топтошуусу чыңалууга алып келип, Киев менен Батыштын тынчсыздануусун жараткан.

Москва 23-апрелде украин чек арасынан аскерлерин чыгарарын жарыялады. Орусиянын президенти Сергей Шойгу аскерлерди чыгаруу Батыштын басымына байланыштуу эместигин айтып, Москва коргонууну камсыздоо үчүн зарыл иштерди уланта турганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG