Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Орусиянын элчиси үч айдан соң АКШга кайтып барды


Нью-Йорк. Орусиянын АКШдагы элчисиси Анатолий Антонов быйыл март айында Москвага учуп жаткан учуру.
Нью-Йорк. Орусиянын АКШдагы элчисиси Анатолий Антонов быйыл март айында Москвага учуп жаткан учуру.

Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Москвадагы үч айлык тыныгуудан кийин Вашингтонго кайтып барды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Ал АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливандын Орусияга каршы жаңы санкциялар топтому даярдалганы тууралуу айтканын «бул бардыгы күтүп жаткан сигнал эмес» деп сыпаттады.

«Санкциялар аркылуу мамилелерди турукташтарып, өлкөлөр ортосундагы бузулган ыркты оңдоого мүмкүн эмес», - деди элчи.

Буга чейин АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйды ууландырууга байланыштуу жаңы санкциялар топтомун даярдап жатканы маалымдалган.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливандын сөзүнө караганда, химиялык куралга байланыштуу Орусияга каршы дагы бир санкция даярдалууда.

16-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Жо Байден Женевада жолукканда элчилерди кайтарууну макулдашкан.

Март айында Москва АКШдагы элчисин чакыртып алган. Анын артынан бир айдан соң АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Салливан Вашингтонго кеңешүүгө кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG