Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Алматы: активисттер “Көчө партиясын" чектөөгө каршы чыгышты


Казакстан. Ачкачылык жарыялаган активисттер. Алмата. 21-июнь, 2021-жыл.
Казакстан. Ачкачылык жарыялаган активисттер. Алмата. 21-июнь, 2021-жыл.

Казакстандын Алматы шаарында жети жарандык активист “Көчө партиясын” каттоодон баш тартуу боюнча былтыр кабыл алган соттун чечимине каршылык билдирип ачкачылык жарыялашты.

Бул партия былтыр 16-майда “экстремисттик уюм” деп таанылып, сот анын ишмердигине тыюу салган.

Ачкачылык жарыялаган жарандык активисттер тобу соттун чечимине укуктук баа берүүнү талап кылып, аны жокко чыгарууну жана абакта отурган бул саясий уюмдун мүчөлөрү менен тарапштарын боштондукка чыгаруу маселесин көтөрүштү.

Ушул айдын башында жарандык активисттер тобу соттун аталган чечимине укуктук баа берүү боюнча парламенттин кош палатасына кайрылуу жиберген. Анда эгерде талаптар аткарылбаса мөөнөтсүз ачкачылыкка жарыялай турганын эскертишкен.

Жогорку сот 15-июндагы дата менен белгиленген бул маселе боюнча жооп катында “аталган сот актысына аппеляциялык же кассациялык даттануу болбогонун, эми аны жокко чыгаруу үчүн ишти тиешелүү соттук инстанцияда кароо тартиби жана мөөнөттөрү бар экенин жүйө келтирген.

Бирок ачкачылык жарыялагандар алардын талабы аткарылмайынча оозуна наар албай турганын айтып, бул иш чара мөөнөтсүз болорун эскертишти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG