Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:51

Мирзиёевдин ишин даңазалоого акча чогулткан өнөктүк ачыкка чыкты


Саида Мирзиёева менен вице-премьер-министр Азиз Абдухакимов Венецияда.
Саида Мирзиёева менен вице-премьер-министр Азиз Абдухакимов Венецияда.

Бир катар коммерциялык банктар менен мамлекеттик мекемелерди президент Шавкат Мирзиёевдин “ишке ашырылып жаткан” реформаларын даңазалап, үгүттөө үчүн миллиардаган сум которууга милдеттендирген документтер жарык көрдү.

Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек редакциясына келген документтер менен аткаминерлердин сүйлөшүүлөрүнөн белгилүү болду.

Мындай акча чогултуу өнөктүгү “Жаңы Өзбекстан, жаңы көз караш” медиа программасынын алкагында 2021-жылы октябрь айынын этегинде өтө турган президенттик шайлоого бир нече ай калганда жүрүп жатканы көрсөтүлдү.

Ири министрликтердин жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү “Озодлик” менен жашыруун калуу шарты менен сүйлөшүп, бул программанын демилгечиси Фирдавс Абдухаликов реформаларды даңазалоо үчүн өкмөттөн ири өлчөмдө акча сураганын айтып беришкен.

Фирдавс Абдухаликов медиамагнат, “Өзбеккино” улуттук агенттигинин жетекчиси, бир нече телеканалдын жана интернет сайттардын кожоюну катары белгилүү. Мындан тышкары ал Өзбекстандын электрондук маалымат каражаттар бирлигинин төрагасы.

Ири банктар менен мамлекеттик мекемелерге акчаны дал мына ошол мекеменин банк эсебине которуу милдеттендирилгени маалыматта көрсөтүлгөн. Мына ошол “ишке ашырылып жаткан реформаларды ыкчам чагылдыруу” тууралуу макулдашуулардын көчүрмөлөрү “Озодлик” радиосунун колуна тийген.

Министрликтердин биринин жетекчиси мына ошондой жол менен Фирдавс Абдухаликов аларды акча которууга мажбурлаганын айткан.

Абдухаликовдун өзүнөн бул тууралуу комментарий алууга мүмкүн болгон эмес. Аталган программа үчүн жооптуу кызматкер Ражоббой Ражабов "Озодлик" менен сүйлөшүүдө акча чогултуу жүрүп жатканы тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG