Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Германияда Орусиянын тыңчысы кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Германиядагы университеттердин биринде илимий-техникалык кафедрада иштеген орусиялык жаран маанилүү маалыматтарды Орусиянын атайын кызматтарына берип турган деп тыңчылыкка шектелип кармалды.

Бул тууралуу 21-июнда Германиянын Башкы прокуратурасынын пресс-офиси кабар таратты. Анда шектүү кармалгандан кийин бир күндөн соң 19-июнда сот анын бөгөт чарасын тандап, камакка алууга санкция берген.

Мекеменин маалыматында ысымы Ильнур Н. деп кыскартылган шектүү 2020-жылдын сентябрь айынан баштап Орусиянын чалгын кызматы менен кызматташкан болушу мүмкүн.

Прокуратуранын маалыматында ал адам орусиялык тыңчы менен кеминде үч ирет жолугуп, иштеген жеринен алынган маалыматтарды акчалай сый акы үчүн берип турганы көрсөтүлгөн. Ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал киши жашаган жана иштеген жерде тинтүү жүрүп, далил заттар алынган.

Орусия Германияда кармалган жараны тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG