Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:41

Ошто УКМК кызматкери мушташтан каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 20-июнда атайын кызматтын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерине топ балдар кол салып каза болгонун билдирди.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси “Бейбаштык менен өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүүгө шек саналгандар кармалды.

Буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалагынын басма сөз кызматы Ошто 24 жаштагы адамдын өлүмүнө шек саналып, 22 жаштагы үч бала кармалганын кабарлаган.

Шектүүлөрдүн бири каза болгон адам менен урушуп кетип бетке чапканын, ал эсин жоготуп каза болгонун айткан. Алар спирт ичимдигин ичип отурушкан. Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары каза болгон киши УКМКнын кызматкери экенин жазышты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG