Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Евробиримдик Беларуска каршы жаңы санкцияларды бекитти


Испания. Лукашенкого карата каршылык акциялары. 29-май, 2021-жыл.
Испания. Лукашенкого карата каршылык акциялары. 29-май, 2021-жыл.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Александр Лукашенкого, анын жакын чөйрөсүнө жана Беларустун жогорку кызмат адамдарына карата санкцияларды колдоду. Алардын арасында Александр Лукашенконун үй-бүлө мүчөлөрү да бар.

Евробиримдиктин санкциялык тизмесине Беларустан 78 адам жана сегиз мекеме-уюм киргизилди. Бул тизме жакында Евробиримдиктин атайын журналына жарыялана турганы көрсөтүлдү. Ага мыйзам чыгаруучулар, прокурорлор, соттор жана башка кызмат адамдары кирген.

«Алар адам укугун одоно бузуп, жарандык коом менен демократиялык оппозицияны басмырлап, мыйзам үстөмдүгүн бүлдүргөнү үчүн жоопкерчилик тартышы керек» - деп жазылган билдирүүдө.

Лукашенконун уулу Дмитрий жана анын келини үчүн» деген негиздеме менен санкциялык тизмеге киргизилди.

Санкцияга ылайык, алардын чет өлкөлөрдөгү активдерине бөгөт коюлуп, виза берүүгө тыюу салуу чаралары колдонулат.

Буга чейин Европа парламенти Грекиядан Литвага учуп бараткан учакты мажбурлап кондуруп, андан оппозициялык активистти камаган Минскини айыптап, ага чара көрүү демилгесин көтөргөн.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррель Беларустун экономикасына таасир эте турган башка дагы санкциялык чаралар даярдалып жатканын билдирди.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG