Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Орусиялык миллиардер Александр Лебедев Кумтөргө келип кетти


Александр Лебедев.
Александр Лебедев.

Орусиялык миллиардер банкир, Мамлекеттик Думанын экс-депутаты жана медиа магнат Александр Лебедев Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенине келип кетти.

Ал “Инстаграмдагы” жеке баракчасына кендин негизги карьеринен тартылган видеону жарыялап, деңиз деңгээлинен төрт миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан кен 25 жылдан бери иштетилип, 1 чакырым тереңдикке чейин казылганын жазды. Ошондой эле бул жылдар аралыгында 12 миллиард доллардай каражат түшкөнүн кошумчалады.

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Лебедев Кумтөргө өткөн аптада барганын “Азаттыкка” ырастап, анын максатын мындайча түшүндүрдү.

“Алар Кумтөрдө мөңгүлөрдү көрүштү. Мен Давыдов, Лысый мөңгүлөрү мурда кандай эле, азыр кандай болуп калганын көрсөтүп бердим. Бизде 1995-1998-2008-жылдары мөңгүлөр кандай болгону тууралуу архивдик материалдар бар. Аларды документалдуу түрдө көрсөттүм. Комиссиялардын отчетторун айттым. Ал өзү да тартып алды. Биз да тарттык”.

Кутманова Лебедевдин кенге келишинде эч кандай бизнес кызыкчылык жок экенин, ал Кумтөрдөгү экологиялык абалды эле көргөнү келгенин белгиледи.

Жогорку Кеңештин 17-майдагы чечими менен “Кумтөр Голд” ишканасына үч айга убактылуу сырттан башкаруу киргизилген. Мындай сунушту парламентке Кумтөр алтын кенинин ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия берген. Зарыл болсо компанияны тыштан башкаруу дагы үч айга узартылат.

Мамлекеттик комиссия канадалык "Центерра Голд" компаниясы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. Ишкана мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

7-майда болсо Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG