Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Талас: киши колдуу болгон адамдын үй-бүлөсү милицияга нааразы


Маркум Асаке Мамбеталиевди облустук соттук-медициналык экспертизадан текшерүү учуру
Маркум Асаке Мамбеталиевди облустук соттук-медициналык экспертизадан текшерүү учуру

Таласта киши колдуу болгон Асаке Мамбеталиевдин жубайы Гүлжакан Акбаева маркумдун өлүмү жеткиликтүү иликтенбей жатканын билдирип чыкты.

Анын айтымында, 58 жаштагы Мамбеталиев 19-июнда Кара-Буура районунун Чымгент айылында жергиликтүү балдардын токмогунан көз жумган.

"Таңкы саат 4тө баламдын органда иштеген досу чакырыптыр. Адилет деген уулумду алгач үч бала урган. Анан Адилет менен кичүү балам Азирет кайра барыптыр. Аларды атасы көрүп калып, арачага түшкөндө ага да кол салышкан, жолдошум жерге кулап, эсин жоготуптур. Ал эми Азиретти органда иштеген бала колунан кармап коё бербей койгон. Адилетти болсо бетке тээп, жерге кулатыптыр. Аларды кошуналар көргөндө качып кеткен. Милиция үч баланы кармап, органда иштеген балага эч кандай чара көрбөй жатат".

Гүлжакан Акбаева күйөөсүн уруп өлтүрүп, эки баласын токмоктогондордун арасында милицияда иштеген адам бар экенин айтып, бирок ага чара көрүлбөй жатат деп нааразы.

Мушташка катышкан делген Талас шаардык күзөт бөлүмүнүн кызматкери Кумарбек Мамбеталиев өз дарегине айтылгандарды четке какты:

"Менде күнөө жок. Милиционер болгонум үчүн мени күнөөлөп жатышат. Адилетти мен чакырган эмесмин.

Талас облустук милициясы күзөт бөлүмүнүн кызматкери күбө катары суракка чакырылганын билдирип жатат. Маалыматка караганда, кандуу окуяга байланыштуу 1999, 1996 жана 2001-жылы туулган үч жигит камалды. Окуя Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы белгилүү болду.

Кара-Буура райондук соттук-медициналык экспертизасы маркумдун денесинде күч колдонуунун белгилери жок деген корутунду чыгарган. Жабыркаган тарап буга макул болбой сөөктү облустук соттук-медициналык экспертизадан кайра өткөрүп, анын жыйынтыгын Бишкекке жөнөткөнүн маалымдашты.

Киши өлүмү менен аяктаган мушташка эмне себеп болгону белгисиз. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG