Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Садыр Жапаров: Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолу менен кетет


Нил Маккейн жана Садыр Жапаров. 2021-жыл, 21-июнь.
Нил Маккейн жана Садыр Жапаров. 2021-жыл, 21-июнь.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-июнда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча региондук директору Нил Маккейн менен жолукканда билдирди.

Президенттин администрациясы кабарлагандай, Жапаров мындан тышкары өлкөдө мыйзам үстөмдүгү менен адам укуктарын коргоо институттарын чыңдоону көздөй турганын кошумчалады.

“Кыргызстандагы чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Биз мамлекеттин өнүгүшүндө чет элдик инвестициялардын ордун жана маанисин жакшы түшүнөбүз”, - деди Жапаров.

Нил Маккейн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстан эгемендик алгандан бери грант жана насыя катары бир миллиард АКШ долларынан ашык каражат бергенин билдирди.

Садыр Жапаров Нил Маккейнди энергетика, тоо-кен жана жеңил өнөр жайы, санариптештирүү, айыл чарбасы, туризм тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык ресурстарды активдештирүүгө чакырды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG