Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгы эскерилет


Жеңиш аянтындагы Өчпөс от.
Жеңиш аянтындагы Өчпөс от.

Бүгүн, 22-июнда, Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштун башталганынын 80 жылдыгына байланыштуу эскерүү иш чарасы өтөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Улуу Ата Мекендик согушка (1941-1945-жж.) Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган, 56 миңден көбү дайынсыз жоголгон.​

Баатырдыгы жана эрдиги үчүн 150 миңден ашуун жоокер жана командирлер орден, медалдар менен сыйланган. 22 жооке “Даңк” орденинин толук кавалери болгон. 73 жоокерге Советтер Союзунун Баатыры деген эң жогорку наам ыйгарылган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG