Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

ИИМ Клара Сооронкулованы суракка чакырды


Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

Ички иштер министрлиги “Реформа” саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулованы суракка чакырды. Бул тууралуу саясатчы "Азаттыкка" билдирип, 23-июнда ИИМдин Тергөө кызматына бара турганын айтты.

Ага ылайык, Сооронкулова сурак октябрь окуяларына байланыштуу болушу ыктымал деп боолголойт.

“5-6-октябрдагы окуялардын бардыгына катышып жүрдүм. Менин божомолум боюнча, октябрь окуялары тууралуу сурайт. 6-октябрды сурай турган болсо Достук мейманканасында депутатарды жетелеп келип Садыр Жапаровду премьер-министр шайлаганын айтам. Менин баамымда, 6-октябрда мамлекеттик төңкөрүш орун алган. 5-октябрда көчөгө чыккандар шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Аны пайдаланган айрым күчтөр 6-октябрда мамлекеттик төңкөрүш кылып, бийликке келишти”.

ИИМ буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин милиция октябрь окуяларынан улам оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовду камаган.

Ага алгач былтыр октябрь окуяларында УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган деген айып коюлган. Кийин беренени өзгөртүп, октябрь окуяларында калайман башаламандык уюштурган деген кине тагылган.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, калайман тополоң бийлик алмашуу менен аяктаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG