Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Олимп оюндарын көрүүгө 10 миңден ашуун адам киргизилбейт


Жапония. Токио. Олимп оюндарын өткөрүүгө карата каршылык акциясы.
Жапония. Токио. Олимп оюндарын өткөрүүгө карата каршылык акциясы.

Быйыл июль-август айларында Токиодо өтчү Олимп оюндарын трибунадан көрүүгө уруксат берилет. Бирок алардын саны чектелет.

Бул тууралуу мелдештерди уюштуруучу тарап - Эл аралык олимпиада комитети Токионун мэриясы жана жапан өкмөтүнүн катышуусунда чечим кабыл алынды.

Жапонияда кайрадан COVID-19 илдети күчөп баштаган маалда кабыл алынган бул чечим мунаса табуунун бир жолу болду. Анткени башында оюндарды такыр эле көрүүчүлөрсүз өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралып, бирок аягында тараптар ар бир өтүп жаткан мелдешке 10 миңден ашпаган адамды киргизүү демилгесине токтолушту. Бирок ошол эле кезде коронавируска тест тапшыруу милдеттүү саналбайт.

Мындан сырткары Олимп оюндарын көрүүгө ошол маалда Жапонияда жашагандар гана киргизилет. Чет элдик күйөрмандарга өлкөгө кирүүгө тыу салынган. Ал эми спорттук делегациялардын сандары бир топ кыскартылган.

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах мелдештерге катышчу спортсмендер менен аларды коштоп келген расмий делегция мүчөлөрүнүн арасында эмделгендердин саны азыркы учурда 80 пайыздан ашып калды.

Былтыр пандемиядан улам жылып кеткен Олимп оюндарынын уюштуруучулары бир топ каршылыкка дуушар болушту. Оюндарды өткөрүүгө каршы тарап мындай массалык спорт мелдештерин өткөрүүдө коронавирус илдетин жугузуу кооптуулугу жогору экенин жана өлкөгө чоң чыгым алып келерин айтып, андан баш тартууга үндөп келишти.

Бул жолку Олимп оюндары "Олимп-2020" деген аталышын сактоо менен өткөрүлгөнү жатат. Анткени оюндар былтыр пандемияга байланыштуу кийинки жылга жылып кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG