Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Шаардык сот Өмүрбек Бабановду тергөө абагында калтырды


Өмүрбек Бабановдун тарапташтары соттон чыгып өкмөт үйүн көздөй баратат.
Өмүрбек Бабановдун тарапташтары соттон чыгып өкмөт үйүн көздөй баратат.

Бишкек шаардык соту "Кумтөр ишине" байланыштуу камакка алынган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасын жабык карап, аны 31-июлга чейин тергөө абагында калтырды. Сотко саясатчынын адвокаты үй камагына чыгаруу тууралуу арыз жазган.

Жараян болуп жаткан соттун имаратынын алдына Бабановдун ондогон тарапташы чогулуп, "Үй камагына чыксын!", "Боштондук!" жана "Адилет сот!" деп кыйкырып турушту. Ушул тушта митингге чыккандар өкмөт үйүн көздөй баратат.

Бабановду 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ага Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган. Биричи май райондук соту саясатчыны эки айга тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.

2011-2012-жылдары премьер-министр болгон Бабанов кылмыш ишин “абсурд” деп атаган. Атайын кызмат ага тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде иш козголгонун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG