Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:09

Бир күндө 42 медикке коронавирус жукту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир суткада 42 медициналык кызматкер COVID-19 илдетин жугузуп алды. Бул былтыркы жылдын август айынан берки эң жогорку көрсөткүч.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкө боюнча 5 156 медкызматкерге оору жугуп, анын 4 776сы айыкты. 107 медицина кызматкери вирустан көз жумду.

Кыргызстандын Министрлер кабинети өлкөдө коронавирус илдетинен каза болгон медицина кызматкерлерине Бишкек шаарында эстелик тургузууну көздөп жатат.

Кыргыз бийлиги буга чейин коронавирустан өлгөн медкызматкердин үй-бүлөсүнө миллион сомдон, жуктуруп алгандарга 200 миң сомдон кенемте төлөө тууралуу жобо чыгарган. Кийинчерээк ал өзгөртүлүп, өлгөндөргө 2 миллион 800 миң, жуктуруп алгандарга 75 миң сомдон төлөнмөй болгон.

Ушул күнгө чейин көз жумгандардын отуздан көбүнүн туугандарына, ооруга чалдыккандардын 1500дөн ашуунуна кенемте төлөндү. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG