Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Каныкей Кубанычбекова Токио Олимп оюндарына жолдомо алды


Каныкей Кубанычбекова.
Каныкей Кубанычбекова.

Ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова эл аралык мелдештердеги алган упайларынын жыйынтыгында Токио Олимп оюндарына жолдомо алды.

Спортчу буга чейин Казакстан, Индия, Кувейт, Азербайжанда өткөн төрт эл аралык мелдешке катышып, жогорку жыйынтык көрсөткөн.

Каныкей Кубанычбекова ок атуу боюнча Кыргызстан кубогунун жеңүүчүсү. Ок атуу спорту боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү.

Учурда Кыргызстандын эсебинде Олимп оюндарына 15 жолдомо бар. Буга чейин балбандар Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, эркин күрөшчү Эрназар Акматалиев, суу сүзүүчү Денис Петрашов жана жеңил атлеттер - Юлия Андреева, Дарья Маслова, Мария Коробицкая жана оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков олимпиадага жолдомо алышкан.

Токиодогу жайкы Олимп оюндары 2021-жылдын июль-август айларында өтөт. Олимпиада төрт жылда бир ирет уюштурулат. Былтыр, 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодогу башкы эл аралык мелдеш кийинки жылга жылдырылган. (GT)

.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG