Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Олимпиадага жол: Эр жүрөк балбан Эрназар


Кыргызстандык Эрназар Акматалиев жана өзбекстандык Ильяс Бекбулатов Азиялык квалификациялык мелдештин жарым финалдык беттешинде. 11-апрель, 2021-жыл. Алматы, Казакстан.
Кыргызстандык Эрназар Акматалиев жана өзбекстандык Ильяс Бекбулатов Азиялык квалификациялык мелдештин жарым финалдык беттешинде. 11-апрель, 2021-жыл. Алматы, Казакстан.

 “Азаттык” радиосу “Олимпиадага жол” түрмөгүн улантат. Бул жолу балбан Эрназар Акматалиев тууралуу айтып беребиз. 

Балбан Эрназар Акматалиев кыргызстандык эркин күрөшчүлөрдүн арасынан алгачкылардан болуп Токио Олимпиадасына жолдомо алды. Ал 11-апрелде Алматы шаарында өткөн Азиялык квалификациялык мелдеште алтын медаль тагынып, Олимп оюндарына жолдомо утуп алды.

Эрназар алкоого арзыды

Бул мелдеште 65 килограмм салмакта күч сынашкан Эрназар Акматалиев чейрек финалда түркмөнстандык Керим Хожаковду 5:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда Акматалиев алгач өзбекстандык Ильяс Бекбулатовго 8 упай менен утулуп жаткан. 1-айлампанын бүтөрүнө саналуу гана секундалар калганда төрт упай алып, андан соң атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Кыргызстандык Эрназар Акматалиев жана өзбекстандык Ильяс Бекбулатов Азиялык квалификациялык мелдештин жарым финалдык беттешинде. 11-апрель, 2021-ж. Алматы, Казакстан.

Алтын байге үчүн таймашта ал ирандык Амирмохаммед Язданачератини 15:13 эсебинде утуп алды.

Балбан жеңиши жана мелдештеги атаандаштары тууралуу буларды айтып берди:

“Мелдеш биз күткөндөй болду. Биз ушундай жыйынтыкты күткөнбүз. Ушул жыйынтыкка жетүү үчүн агайлар менен бирге даярданганбыз. Бул мелдешке Азиянын мыкты балбандары келди. Атаандаштарым абдан күчтүү болду. Бирок бул ирет жеңиш мен тарапта болду. Бул – менин карьерамдагы эң чоң жетишкендигим”.

Ал эми Бириккен күрөш дүйнөсү 17-апрелде Эрназар Акматалиевдин Азиялык квалификациялык мелдештеги үч таймашынын (чейрек финал, жарым финал жана финал) видеолорун жарыялап, аны эркин күрөштүн ыкмаларын эң мыкты аткарган балбан деп белгиледи.

Спорттун ардагери, Кыргызстандын Олимпиадачылар ассоциациясынын президенти Шаршен Касенов Эрназардын жеңишин жогору баалады:

Шаршен Касенов.
Шаршен Касенов.

“Эрназар өзбекстандык Ильяс Бекбулатов менен күрөшүп утулуп жаткан. Бирок өзүнүкүн бербей, мыкты күрөш көрсөтүп, өзүнүн ыкмасын жасап, тушеге басып (атаандашынын далысын килемге тийгизип) салды. Бекбулатов эркин күрөштөн дүйнөдөгү эң кыйын балбандардын бири. Ал кийин өзүнүн акыркы мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, Олимпиадага жолдомо алат жана Олимп оюндарында Эрназарга атаандаш болот деп ойлойм. Ал эми Эрназар финалда да өтө кооз беттеш көрсөттү. Күрөшүн, анын килем үстүндөгү мүнөзүн көрүп, мыкты балбан өсүп келе жатканына абдан сүйүнүп турам. Анын эң мыкты сапаты – аягына чейин күрөшөт экен. Утуп жатса да, утулуп жатса да атаандашын аягына чейин жүдөтүп, баары бир утуп алат экен.

Эми алдыда Олимпиада оюндары. Ага чейин Эрназар коргонуу ыкмасын жакшы өздөштүрүшү керек. Күрөш башталганда эле упай бербей күрөшүш керек. Күрөшө баштаганда эле 7-8 упайды атаандашына берип коюп жатпайбы. Ал эми Олимпиадада андай мүмкүнчүлүктү атаандаштары коё бербейт. Андыктан алдыдагы эки айда ал талыкпай машыкса, өзүн көрсөтөт деп ишенем. Эрназардын жолдомо алышы менен Эркин күрөш федерациясын, машыктыруучуларды, кыргыз элин куттуктайм”, - деди Шаршен Касенов.

22 жаштагы балбан Эрназар Акматалиев Нарын районунун Ортозар айылында туулган. Жети жашынан бери күрөш менен машыгып келатат. 2015-жылы Индияда өткөн өспүрүмдөр (Кадеттер) арасындагы Азия чемпионатында коло байге тагынган.

2018-жылы эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын катарына кошулган. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча эки жолку чемпиону. 2018-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси болгон. 2019-жылы Иранда өткөн Тахти кубогунда алтын байге утуп алган. Жакында эле Украинада өткөн эл аралык мелдеште да күмүш байгени утуп кайткан.

Балбан Олимпиадага жолдомо алганын спорттук карьерасындагы эң чоң жетишкендик катары баалайт.

Эрназар Акматалиев мелдеш учурунда.
Эрназар Акматалиев мелдеш учурунда.

“Күрөш менен машыга баштаганыма дээрлик 15 жылга чукулдады. Күрөшкө алгач кадам таштагандан баштап көздөгөнүм, кыялым Олимпиада оюндары болчу. Буюрса, кыялдарым орундалып жатат. Эми акыркы кадамдар калды”.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын ага машыктыруучусу Сүймөнкүл Таабалды уулу Эрназар Акматалиевди эмгекчил балбан деп сыпаттады:

Эрназардын эң негизги өзгөчөлүгү – тырышчаактыгы. Өзүнүн ар бир жасаган ишин берилип жасайт жана өзүнүн мүнөзү бар. Машыгууларды берилүү менен жасайт. Утулуп жатса да аягына чейин күрөшө берет. Өзүңөр деле көрдүңөр. 8:0 эсебинде утулуп жатса да, өзүнө ишенип, аягына чейин күрөшүп, жеңип чыкты. Эрназар бизге спорт мектебин бүтүп келди. Ошондон бери талыкпай машыгып келе жатат”.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы. 18-февраль, 2019-жыл.
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы. 18-февраль, 2019-жыл.

Эрназар Акматалиев күрөштө мыкты техникасы менен айырмаланган балбан. Ал аягына чейин күрөшүп, чапчаңдыгы менен башка балбандардан өзгөчөлөнөт. Машыктыруучусу Сүймөнкүл Таабалды уулу анын жашоодогу мүнөзүнө да токтолду.

“Эрназар абдан сылык жигит. Тартиптүү бала. Улуу-кичүүнү сыйлай билген, өзү да абдан жөнөкөй, тырышчаак. Машыгуу учурунда да биринчи болгонго аракет кылат. Негизи бизде 65 килограммга чейинки салмакта атаандаштык күчтүү. Төрт-беш мыкты балбан бар. Алардын ичинде Алибек Осмонов деген балбаныбыз 2021-жылы өткөн Кыргызстандын чемпионатынын финалында Эрназарды 8:8 эсеби менен утуп алган. Андан кийин Украинадагы мелдешке катышып, абдан жакшы жыйынтык көрсөттү. Ошол мелдеште Эрназар экинчи, Алибек үчүнчү орунду ээледи. Биз эки балбандын кимисин лицензиялык мелдешке жиберебиз деп так чечим чыгара албай жаттык. Анткени экөө тең мыкты балбан. Көлдө өткөн соңку машыгуу учурунда экөөнү күрөштүрүп көрүп, Эрназар жеңип алган соң, ал лицензиялык мелдешке бара турган болду. Мына эми Олимпиадага жолдомо утуп алды”.

Сүймөнкүл Таабалды уулу сүйүнүүгө али эрте экенин айтып, алдыда балбанды эки айлык даярдык күтүп турганын, каталардын үстүнөн иштөө керектигин кошумчалады.

Балбан өзүнүн Олимп оюндарындагы мүмкүнчүлүктөрү, атаандаштар тууралуу сөз кылды.

“Дүйнөдө менин салмагымда (65 кг.) күрөшкөн мыкты балбандар өтө көп. Бул салмакта атаандаштык күчтүү. Бул же тигил балбан күчтүү деп так айта албайм. Олимп оюндарына жөнөкөй балбандар келбейт. Жок дегенде эле Африканын, Европанын жана Азиянын чемпиондору келет. Бирок мунун баары мени токтото албайт. Мен Олимп оюндарында Кыргызстандын желегин желбиретип, кыргыз элимдин ишеничин актасам деген максатым бар”.

Учурда балбан Бишкекте машыгып, Олимп оюндарына даярданып жатат.

Токиодогу жайкы Олимп оюндары 2021-жылдын июль-август айларында өтөт. Бул оюндарга кыргызстандык 12 спортчу жолдомо алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG