Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер сынак тапшырып жатат


Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө 61 талапкер катталган.
Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө 61 талапкер катталган.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады. Ага ылайык, Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө 61 талапкер катталган. Алар дүйшөмбүдө исламдын негиздери болгон тафсир, хадис, усуль аль-фикх, акыйда сыяктуу китептерден сынак тапшырды. Андан өткөндөр бүгүн, 22-июнда баарлашууга кирет.

Аалымдар кеңеши - Кыргызстан мусулмандарынын курултайынан кийинки жогорку башкаруу органы. Ал муфтиятты көзөмөлдөйт жана 21 адамдан турат.

Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө, муфтийликке жана анын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак быйыл 17-февралда жарыяланган.

Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 14, муфтийликке тогуз талапкер катталган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети быйыл февралда ошол кездеги муфтий Максатбек Токтомушевди мыйзамсыз каржылык иштерге шектүү катары кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. Мындан улам Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын канааттандырган.

Учурда анын милдетин муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев аткарып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG