Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Кыргызстанда коронавирус жугузган балдар көбөйүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул тапта ооруканада коронавирус илдетин жугузуп алган 22 бала дарыланып жатат. Алардын эң кичүүсү алты айлык наристе. Улуусу 16 жашта. Бул тууралуу "Азаттыкка" республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев билдирди.

“Май-апрель айларында балдар арасында илдет жуккандар дээрлик жок болчу. Бирин-серин гана келип жаткан. Акыркы эки аптада коронавирус илдети аныкталган балдар көп кайрылып жатат. Ооруканада дарыланып жаткан балдардын абалдары орточо оор”, - деди Алиев.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатканын билдирген.

Көз карандысыз адистерден турган топ 21-июндан 2-июлга чейин COVID-19 вирусунун жайылышынын моделин түзүп, илдет жуктургандардын саны күн сайын 1500 адамдан ашып кетиши мүмкүн экенин эскертен. Маалыматка ылайык, Ош жана Бишкек шаарларында кырдаал курчуйт.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 116 546 киши вирус жугузуп алды. Анын 105 932си сакайды. Коронавирустун курмандыктары 1945 кишиге жетти. Кыргызстанда калктын 1,5% жакыны гана эмделди. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG