Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

COVAX аркылуу таратылган вакциналар тартыш болууда


Украина COVAX аркылуу алган вакцина. Апрель, 2021-жыл.
Украина COVAX аркылуу алган вакцина. Апрель, 2021-жыл.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму COVAX долбоору аркылуу коронавируска каршы вакцина алып жаткан ондогон жакыр өлкөдө эмдөө өнөктүгүн улантуу үчүн препараттар жетишпей жатканын билдирди.

Бүгүнкү күнгө чейин долбоордун алкагында 131 өлкөгө 90 миллион доза вакцина таратылган. Дүйнөлүк уюмдун улук кеңешчиси Брюс Эйлворд бул көлөм вирустун жайылышын ооздуктоо үчүн жетишсиз деп белгиледи.

Ал ортодо Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоза бай мамлекеттерди вакциналарды топтоону токтотууга чакырды. Президенттин маалыматына караганда, азыр Африкада 40 миллион доза сайылды. Башкача айтканда континенттин калкынын 2 проценти гана жарым-жартылай эмделди.

COVAX бай мамлекеттер субсидиялаган вакциналарды жакыр өлкөлөр арасында бөлүштүрүү үчүн негизделген. Адегенде долбоордун алкагында быйылкы жылдын аягына чейин 2 миллиард кишини вакцина менен камсыздоо каралган.

Бирок вакцинаны чыгаруудагы жана логистикалык маселелер кыйынчылыктарды жаратууда.

Кыргызстанга бул программанын алкагында Astra Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы келери да маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG