Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

АКШ элчиси Москвага үстүбүздөгү аптада кайтат


Жон Салливан. Москва, 20-июнь 2021-жыл
Жон Салливан. Москва, 20-июнь 2021-жыл

АКШнын элчиси Жон Салливан Москвага “үстүбүздөгү аптада” кайтып барат. Бул тууралуу 21-июнда Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Нед Прайс билдирди.

Өткөн шаршембиде Женевада эки өлкөнүн президенттери жолугушканда элчилерди кайтаруу тууралуу макулдашылган. Дүйшөмбүдө орус элчиси Анатолий Антонов Вашингтондогу миссиясын улантуу үчүн жөнөп кеткен. Дипломат “тең укуктуу жана прагматикалык” алака түзүүгө жардам берүүгө дилгирлигин белгиледи.

Март айында америкалык президент Жо Байден орус мамлекет башчысы Владимир Путинди “киши өлтүргүч” деп атагандан кийин Антоновду Москвага чакыртып алышкан.

Андан кийин Москва Жон Салливанга Вашингтонго кеңешмеге барууну сунуш кылып, дипломат мекенине кайткан.

АКШ менен Орусия ортосундагы мамилелер Навальныйдын камалышы, орус аскерлеринин Украина менен чек арага тартылышы, орусиялык делген хакерлердин америкалык куурга киберчабуулуна байланыштуу начарлап кеткен. Москва ал чабуулга тиешеси жоктугун айтып, ички иштерине, анын ичинде Навальныйдын өкүмүнө кийлигишип жатат деп АКШны айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG