Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Навальный Путиндин сөзүн калпка чыгарды


ШВЕЙЦАРИЯ - Владимир Путинге түспөлдөш маска кийген киши камактагы саясатчы Алексей Навальныйдын эркиндигин талап кылган иш-чарада. 15-июнь, 2021-жыл.
ШВЕЙЦАРИЯ - Владимир Путинге түспөлдөш маска кийген киши камактагы саясатчы Алексей Навальныйдын эркиндигин талап кылган иш-чарада. 15-июнь, 2021-жыл.

Алексей Навальный жана анын санаалаштары президент Путиндин айтканын төгүндөштү.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Навальный аны түрмөдө кармоонун себеби тууралуу Женевада президент Путиндин айыптоосуна жооп кайтарды. Навальный жана анын тарапташтары Путиндин калпын ашкерелеп, аны "жалган айтпаса тура албаган адамга" салыштырышты.

Путин Навальный тууралуу эмне деген?

Орусиянын президенти Владимир Путин Женевада АКШ президенти Жо Байден менен жолугушуудан кийин журналисттердин орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды түрмөгө камоонун себептери тууралуу суроосуна төмөндөгүдөй жооп кайтарды:

“Ал эки ирет шарттуу жазага соттолгон адам катары келип, көрүнүп турганга милдеттүү болчу. Бул мырза мыйзамдын ал талабын билип туруп, тоготпостон чет өлкөгө дарыланууга чыгып кеткен. Бийлик органы анын каттоосун талап кылышкан эмес. Ал ооруканадан чыгары менен өзүнүн видео сюжеттерин интернетке койгондо андай талап пайда болгон. Ал мыйзамдын талабын тоготпой, келбей койгон. Ага издөө жарыяланган. Бул тууралуу билип туруп, кийин анан кармаларын сезип туруп, атайын келди”.

Бирок иш жүзүндө Алексей Навальный былтыр, 20-августта, Томскиден Москвага учуп, учакта өзүн начар сезе баштаган. Ал дааратканада эстен танып жыгылганда, учак Омскинин аба майданына чукул конууга аргасыз болгон.

Алгач жергиликтүү ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин оор абалда Берлинге жеткирилген. Саясатчы 19 күндөн кийин эсине келген.

Путиндин айтканын "бийликте өтө көп отуруп, эбегейсиз акчага маарыгандан келип чыккан психиатриялык патология” деп сыпаттаган Навальныйдын жообу "Инстаграммга" чыкты.

“Дайыма калп, ал бир да сөздү чын сүйлөбөйт. Керек болсо, калпы тез эле ачылып калышын, анын бир жалганы экинчисине каршы келерин билип туруп калп айтат”, – деп жазды Навальный.

Путин Навальныйды ысымы менен атабаган сыяктуу эле Навальный да жазган постунда анын атын атаган эмес.

Навальныйдын жакын тарапкери Леонид Волков CNN телесине курган маегинде Путин өзүн-өзү ашкерелеп, саясий атаандашынын өмүрү үчүн эми өзү жооптуу экенин ырастады дейт:

“Кимдир бирөө Путин мырзаны мистикалык кейипте атайын Алексей Навальныйдын ысымын атабоону нускаган болуш керек. Эми мен азыр Алексейдин тагдырына оптимизм менен карап калдым. Анткени Алексей Навальный президент Путиндин жеке туткуну экенин жана анын кароосунда турганын бүткүл дүйнө билди жана байкоо салып турат. Мен анын түрмөдө өлүшүнө жол берүү Путин үчүн оор кесепеттерди алып келет деп ойлойм. Бирок, эл аралык көңүл буруу жоголгон күнү Путин албетте, өзүнүн эң башкы душманынан кутулуу аракетин кайталайт”.

Какшык аралашкан жооптор

Саясатчынын жубайы Юлия Навальная былтыр августта Алексей Навальный эс-учун жоготкон абалда ооруканага түшкөн, кийин аны атайын учак менен Германияга жеткирип бараткан сүрөттөрдү "Инстаграммга" жайгаштырып, кандай абалда анын күйөөсү мыйзамдын талабын аткарбай, “тоготпостон, билип туруп, атайын аны бузганы” жөнүндө жазды.

Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш да былтыр учакта оор абалда алып бараткан анын сүрөтүн "Твиттердеги" баракчасына коюп, “атайын, билип туруп, текшерүүдөн качып баратат” деген Путиндин сөзүнө какшык аралаш билдирүү жазды.

Владимир Путиндин Навальный тууралуу соңку билдирүүсү оппозициялык саясатчынын тарапташтарынын ачуусун келтирип, ошол эле убакта шакаба-мыскыл да жаратты.

Саясатчынын дагы бир санаалашы Мария Певчих "Твиттердеги" баракчасына “Навальный тескөөчүнүн чакыруусун тоготпой ууланган абалда керебетте жатканы эсимде” деп жазып, анын ошол кездеги сүрөтүн жарыялады.

Навальный Германиядан дарылануудан кайтып, Москвага конору менен кармалып, камакка алынган. Германиянын, кийин башка өлкөнүн эксперттери Навальный "Новичок" тобундагы уу менен ууландырылган деген жыйынтыкка келишкен. Европа Биримдигиндеги бир катар өлкөлөр Москваны бул фактыны калыс иликтөөгө чакырышкан.

Кремль Навальныйды ууландырууга анын катышы бар экенин четке кагып келет.

Навальный Путин баш болгон Орусиянын үлкөн жетекчилеринин коррупциялык иштерин ашкерелеген иликтөөлөрү менен Кремлдин үшүн алып турган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG