Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:04

ФБКнын жетекчиси Иван Ждановго эл аралык издөө жарыяланды


Иван Жданов. Навальный негиздеген ФБКнын директору.
Иван Жданов. Навальный негиздеген ФБКнын директору.

Орусиянын укук коргоо органдары абактагы оппозиция лидери Алексей Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөшүү фондун (ФБК) "чет элдик тыңчылардын" тизмесине киргизип, анын директору Иван Ждановго эл аралык издөө жарыялады.

Орусиянын Ички иштер министрлиги аны эл аралык деңгээлде издөөгө алынгандардын электрондук базасына киргизгени жума күнү белгилүү болду.

Бул тууралуу Жданов өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Издөө баракчасында аны жоопко тартууга эмне негиз болгону көрсөтүлгөн эмес.

Орус бийлиги ФБК менен "Мемориал" укук коргоо борборун “чет элдик тыңчылар” деп тааныган. Москва шаардык соту 9-июнь күнү кечинде орусиялык оппозиция лидери Алексей Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөшүү фондун, Жарандардын укугун коргоо борборун жана анын аймактык бөлүмдөрүн “экстремисттик” уюмдар катары таанып, ишмердигине тыюу салган чечим чыгарган.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары бул чечимди айыптаган.

ФБК орус президенти Владимир Путин баш болгон Орусиянын жогорку кызмат адамдарынын коррупциялык иштерин жана байманалуу жашоосун чагылдырган чуулгандуу иликтөөлөрү менен белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG