Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:52

Үстү-үстүнө аял алган окуя үрөй учурду


Иллюстрациялык сүрөт.

Сузакта экинчи аял алып, той берген адамга кылмыш иши козголду. Анын жубайы менен ажырашпай туруп экинчи аялга үйлөнгөнү тартылган видео июндун башында интернетке тараган.

Сузак районунун токол алып, той берген тургунуна Жазык кодексинин 179-беренеси ("Эки жана андан көп аял алуу") менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

Анын алкагында, кылмышка шектүү суракка чакырылары маалымдалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Шеркул Турганбаев билдирди:

"Июндун башында Сузак районундагы тойканалардын биринде жергиликтүү тургун экинчи аял алып жатканы тартылган тасма тараган. Бул видеодон кийин окуяга юридикалык баа берүү үчүн тергөө иштери башталды".



Интернетте тараган тасмада Сузактын тургунунун үйлөнүү тоюнда биринчи келинчеги күйөөсүн куттуктап сүйлөгөнүн, балдарына да сөз бергенин көрүүгө болот.

Кыска тасмада үйлөнүп жаткан адам эки жубайы менен бирдей туугандарынын курчоосунда бийлеп жатканы да тартылган.

"Ассалому алейкум урматтуу коноктор! Мен күндөшүм эмес, сиңдиме бакыт каалайм! Дайыма бирге кубанычта жүрөлү. Бактылуу болгула!", - дейт анда токол алган кишинин биринчи жубайы.

Анын минтип куттуктаганын туугандарды кубаттаган жана алар келин башкаларга үлгү болорун айтып, Кыргызстанда токол алуу мыйзамга жат экенин капарга алышкан эмес.

"Мен сизге баа бердим Дильфуза айым. Жоомарт адам гана муну кылат. Кол чаап койгулачы Дильфуза айымга. Ийилип, сизге таазим этем. Бардык мактоолор бүгүн сиздердин үй-бүлөнүн дарегине айтылып жатат", - дейт коноктордун бири.

Бул окуя көп аял алуу темасы маал-маалы менен катуу талкууланган кыргыз коомунда талаш жаратты.

Мыйзамда бир убакта эки же андан көп аял менен түтүн булатууга тыюу салынган, мындай кылмышка барган эркек эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок бул чектөө кагазда гана калып, иш жүзүндө жазага тартылган учурлар дээрлик жок.

Адистер соңку жылдары өлкөдө үстү-үстүнө аял алуу маселеси кадыресе көрүнүшкө айланганын айтышат.

Экинчи аял болуп турмуш куруп, бирок зордук-зомбулукка кабылган келиндердин укук коргоочуларга кайрылган учурлары да катталууда.

Ош облусунун 36 жаштагы тургуну Нурила Төрөканова жакында эле аны экинчи аялдыкка алган адам эмчектеги баласын бербей жатканын айтып чыкты.

Нурила Төрөканова
Нурила Төрөканова

"Биринчи турмушумдан төрт балам бар. Ажырашкандан кийин үч-төрт жыл бой жүрдүм. Күндөшүм да, мага күйөө болгон адам да колумду сураганда балдарыма каралашууга убада беришкен. Ишенип, башымды байласам, экөө тең сөзүнө турган жок. Мен төрөгөндө эч ким кабар алган эмес. Эми баламды талашып, бербей жатышат".

Нурила Төрөканова менен аны алган Руслан Жураев молдого гана нике кыйдырып, расмий каттоодон өтүшкөн эмес.

Белгилүү болгондой, мыйзам буга тыюу салат, демек, аялдын жана бул никеде төрөлгөн балдардын укуктары да корголбойт.

Нурила Төрөканова башынан өткөн окуядан кийин башка кыз-келиндерди токол болуп кор болгуча, эркин жүрүүгө чакырды.

"Бирөөнүн күйөөсү күйөө болбойт экен. Мен ошону түшүндүм. Кандай кыйынчылыкка кабылсаңар да экинчи аялдыкка макул болбогула. Азыр барбаган жерим калган жок. Соттор, укук коргоочулар эч ким мен тарапта эмес. Балага атасы күбөлүк жасатып алыптыр. Эмне кылышымды билбей отурам".

Көп аялдуулук маселесинен экинчи, үчүнчү аялдар гана жабыркайт деп айтууга болбойт. Күйөөсү башын аттаган биринчи аял да өзүн кем сезип, кыйналарын психологдор айтып келет.

Оштогу "Ак жүрөк" кризистик борборунун башчысы Дарика Асилбекова көп аялдуулук маселеси өзгөчө өлкөнүн түштүк жергесинде жайылганын жана андан аялдар гана жабыркап жатканын айтты:

Дарика Асилбекова.
Дарика Асилбекова.

"Биринчи аялы макул болуп, алып берип жатат дегендер да чыкты. Андай учурлар деле бар. Бирок ал үй-бүлөдө эмне болуп жатканы жана аял эмне үчүн макул болгону башка маселе. Көп аялдуулукка эркектер гана кызыкдар. Аялдар мындай жоруктан психологиялык жактан жабыркайт. Анткени анын кызыкчылыгы, сезими менен эч ким эсептешпей жатпайбы. Эркектер "уул төрөбөйт, карыды, өзүн жакшы карабай калганы үчүн дагы аял алдым" деп актанып кутулушат".

Адистердин айтымында, аткаминерлер, диний түшүнүгү бар молдо же аалымдар, жумушсуздук кесепетинен чет жакка агылган мигранттар арасында да экинчи аял алгандар четтен чыгат. Адатта бул жорукка барган эркектер шариятты бетке кармашат.

Укук коргоочу, Оштун Амир-Темир кичи шаарчасындагы аялдар кеңешинин башчысы Фатима Насирдинова көп аялдуулук өзбек коомчулугунда да негизги көйгөйгө айланганын айтып, бийликти буга кошкөңүл карабоого чакырды.

Фатима Насирдинова.
Фатима Насирдинова.

"Дээрлик ар бир үч же төрт үй-бүлөдө ажырашуу болуп, жалгыз бой энелердин саны көбөйдү. Буга көп аялдуулук маселеси да себеп болуп жатат. Мына ушул көрүнүшкө өкмөт тыюу салса деп айтар элем. Анткени жакшынакай жашап жаткан жубайлар урушуп, эки жолго түшүп кетүүдө. Шариятта деле "эркек аялды камсыз кылышы керек" деп айтылат. Бизде болсо экинчи болуп тийген аял деле кордукка кабылып калат. Өзбек коомчулугунда ушул көйгөй күч".

Эки аял алууну колдогондор маал-маалы менен токол алууну мыйзамдаштыруу демилгесин көтөрүп келет. Алар муну "кайсы бир депутаттын, аткаминердин бир нече аялы бар, башкаларга болбойбу?" деген шылтоого негиздеп жүрүшөт.


Айта кетүүчү жагдай, айрым диниятчылар көп аял алуу сунушун "Кыргызстанда эркектерге караганда аялдар көп, баарына эркек жетпейт" деп түшүндүрүшөт.

Бирок Улуттук статистика комитети бул жүйөнү четке кагып, өлкөдө аял менен эркектин айырмасы 1% жетпей турганын белгилешет.

Юридика илимдеринин кандидаты, теолог Нурлан Исмаилов көп аялдуулук маселесинде мамлекет укукка гана таянып иш алып барыш керек деп эсептейт.

Нурлан Исмаилов.
Нурлан Исмаилов.

"Кыргызстан светтик көз караштагы өлкө жана конституциялык, укуктук режимде бул маселеге бөгөт коюш керек. Көп аялдуулук болгон жерде балдар укуктары, мурас маселеси да келип чыгат. Бул адам укуктарына жана коомдук баалуулуктарга каршы көрүнүш. Диний аалымдар айткандай шариятта көп аялдуулук тууралуу жазылган, бирок, биздин укуктук база ага даяр эмес. Ошондуктан мындай көрүнүшкө мыйзам чегинде чара көрүү керек".

Коомчулукта көп аялдуулук темасы жабык каралып, талкууланып же иликтене элек. Ошондон улам маселени айгинелеген статистика да жок.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG