Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Чубак Жалилов: мени коргоо боюнча митингге тиешем жок


Чубак Жалилов.
Чубак Жалилов.

Мурдагы муфтий Чубак Жалилов 6-декабрда аны коргоо боюнча митинг уюштурулуп жатканы тууралуу маалыматтарга байланыштуу билдирүү таратты. Анда Жалилов сөз болуп жаткан митингге эч кандай тиешеси жок экенин айткан.

Өз билдирүүсүндө Чубак ажы "бул сыяктуу элди дүрбөткөн, чагымчыл" аракеттерди колдобой турганын, "бардык маселе укук талаасында чечилиши" туура болоорун кошумчалаган. Ошол эле учурда өзүнө каршы жазылган арыздын негизинде укук коргоо органдары менен чын эле аңгемелешкенин, бирок өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн ар-намысына доо кетире турган туура эмес аракеттер болбогонун, "узак сааттар бою суу ичпестен кармап отурушту" деген кептер жалган экенин билдирген.

"Эртең эч кандай митинг болбойт! Аты-жөнү белгисиз адамдардын тилине кирип, күнөөкөр болуп калуудан сактаналы. Ар бирибиз ушул маалыматтарды башкаларга жеткирүүгө аракет кылалы", - деп айтылат билдирүүдө.

Мурдагы муфтий Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесин бузбаганын жазууда. "Мыйзамдын тили менен айтканда эки же андан ашык аялдар бир үйдө чогуу жашашса же чогуу чарба жүргүзүшсө же чогуу оокат күтүшсө гана көп аялдуулук деп саналат экен. Чогуу жашаган күндө да, эки аялдын бири арыз жазганда ага маани берилет экен. Же экинчи аялга ЗАГСтан нике кагазын алганда эсептелет экен. Андай болбогон учурда мыйзам тилинде экинчи аял деп айтылбастан, башка терминди колдонушат экен. Аны айтуу бир аз ыңгайсыздыкка дуушар кылат. Балдарымдын энеси, менин сүйүктүү жубайым, расмий түрдө мыйзам менин жубайым деп тааныган Гүлнур айымдын ден соолугу жакшы, интернет булактарындагы ал кишини "ооруп, ооруканага түшүп калган” деген кеп чындыкка туура келбейт", - деп билдирди Чубак ажы.

Чубак Жалиловдун экинчи аял алганы тууралуу видеосу өткөн жумада интернетке тараган. Ошондон кийин Жогорку Кеңештеги айрым депутат аялдар анын айткандарын текшерип, укуктук баа берүүнү талап кылышкан.

Кечээ Чубак Жалилов экинчи жолу суракка чакырылган. Интернетте 6-декабрда аны колдогон митингге үндөгөн чакырыктар тарап жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG