Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Федералдык Жаза өтөө кызматы Навальныйдын саламаттыгы тууралуу маалымат берди


Алексей Навальный. 29-апрель 2021-жыл
Алексей Навальный. 29-апрель 2021-жыл

Орусиянын Федералдык Жаза өтөө кызматынын башчысы Александр Калашников Алексей Навальныйдын саламаттыгы калыбына келгенин билдирди. Калашниковдун айтымында, ал азыр кадимкидей тамактанууда, ага жакындары менен байланышууга шарт түзүлгөн.

Мунун алдында Навальныйдын адвокаты Вадим Кобзев 18-майда абакка барганын, оппозиционер өзүн жакшы сезип жатканын айткан.

2-февралда Москванын райондук соту саясатчыны 2013-жылкы кылмыш иш боюнча колонияга кескен. Ал камакта 2 жарым жылдай отурмакчы. 31-мартта Навальный ачкачылык жарыялап, үч жумадан ашык тамактан баш тартып келген. Аркасы, буту ооруганын айткан, аябай арыктаган оппозиционер көз каранды эмес дарыгерлерди ага киргизүүнү талап кылган. Ага медициналык жардам көргөзүүгө укук коргоочулар, бир нече өлкөнүн бийликтери, Нобелдин лауреаттары жана белгилүү адамдар үндөшкөн. Орусиянын өзүндө жана сыртында колдоо акциялары өтүп, миңдеген адамдар кармалган.

Бийлик Навальный жетектеген Коррупция менен күрөшүү фондуна каршы аракеттерин күч алдырды. Эмки айда фонддун регионалдык кеңселерин "экстремисттик" уюмдардын тизмесине кошуу боюнча соттук угуулар башталганы жатат.

18-апрелде парламенттин төмөнкү палатасы - Мамлекеттик Дума "экстремисттик" уюмдардын мүчөлөрүнө депутат болууга тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Байкоочулар бул чечим Навальныйдын жактоочуларын бутага алууну көздөйт деп боолголошот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG