Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Навальный орус президенти Путинди "калпычы" деп атады


Санкт-Петербургдагы Алексей Навальныйдын сүрөтү түшүрүлгөн граффити, 28-апрель 2021-жыл.
Санкт-Петербургдагы Алексей Навальныйдын сүрөтү түшүрүлгөн граффити, 28-апрель 2021-жыл.

Орусияда түрмөдө жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный президент Владимир Путиндин Женевада айткан сөздөрүнө жооп кайтарып, аны "калпычы" деп атады. Ал 17-июнда "Инстаграмдагы" баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө Путинди "калп айтпай кое албаган адам" деп мүнөздөдү.

"Тынымсыз жалган сүйлөйт. Дайыма ушундай. Чындыкка дал келген бир да сөздү айта албайт. Калпы чыгып калаарын билсе да, жакында айткан калпы жаңы калпына каршы келерин билсе да", - деп жазды Навальный.

Путин Навальный "шарттуу кесилген адам катары өзү тууралуу кабар берип турууга милдеттендирилгенин", ал Германияга дарыланууга кетүү менен бул жобону атайылап бузганын 16-июнда АКШ президенти Жо Байден менен сүйлөшүүсүнөн кийинки маалымат жыйынында айткан.

Орус президентинин мындай сөзү Навальныйдын тарапкерлеринин кескин сынына кабылган.

45 жаштагы Алексей Навальный былтыр август айында Сибирдеги Томск шаарында ууландырылып, Германияга жеткирилген. Ал нерв системасын шал кылуучу "Новичок" уулуу заты менен ууландырылганы белгилүү болгон. Бирок орус бийлиги мындай маалыматты четке каккан.

Навальный Берлиндеги клиникага жеткирилип, быйыл январда Москвага кайтканда камакка алынган жана 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген доо менен 2,5 жылга эркинен ажыратылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG