Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Навальныйдын уюмдарына каршы алты том


21-апрелде Орусиянын ондогон шаарларында Навальныйды эркиндикке чыгарууну талап кылган акциялар өттү, Москва, 2021-жыл.
21-апрелде Орусиянын ондогон шаарларында Навальныйды эркиндикке чыгарууну талап кылган акциялар өттү, Москва, 2021-жыл.

Орусияда абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный түптөгөн үч уюмду «экстремисттик» деп таануу боюнча сот иши дагы бир айга жылды.

17-майда Москва соту оппозициячыл Алексей Навальный негиздеген үч уюмду «экстремисттик» деп таануу боюнча ишти карап, кошумча «жашыруун сакталчу алты том материал» пайда болду деген жүйө менен сот ишин 9-июнга калтырды.

«Фондго каршы материалдардын жашыруун эмес бөлүгү фондго такыр тиешеси жок, ар кандай окуялардын аралашмасынан турат. Прокуратуранын дооматы суу кечпейт. Алар ар кандай окуяларды, фактыларды бурмалап, өздөрүнө ылайыктуу өңүттө көрсөтүүгө аракет кылып жатышат» деди «Коммерсант» гезитиндеги маегинде Коррупция менен күрөш фондунун адвокаты Владимир Воронин.

Москва соту прокуратура тапшырган материалдарда күч кызматтарынын жеке маалыматтары бар экенин жүйө келтирип, бул ишти кароону «жашыруун» кылып койду.

Навальныйга тиешелүү «Коррупция менен күрөш фонду», «Жарандардын укугун коргоо фонду» жана Навальныйдын аймактык штабдарына каршы сотко Москва прокуратурасы кайрылган.

Прокуратура бул уюмдар «либералдык ураандарды жамынып алып, социалдык-саясий кырдаалды курчутуу үчүн шарттарды түзүүгө катышкан» деп айыптоодо.

26-апрелде прокурор Денис Попов соттон Навальныйга байланышкан уюмдардан өз иликтөөлөрүн Интернетке жайгаштырууга, митинг жана демонстрацияларды өткөрүүгө, шайлоо менен референдумдарга катышууга тыюу салууну суранган.

Муну эл аралык уюмдар жана орусиялык укук коргоочулар «бийликтин өлкөдөгү бардык макул эместердин үнүн басуу, оппозицияны жок кылуу» аракети катары катуу сындап жатышат.

Москва соту уюмдарды «экстремисттик» деп тааныса, Навальный жана анын үзөңгүлөштөрүнүн ишмердүүлүгүн «Ислам мамлекети» жана «Аль-Каида» сыяктуу террорчул топтор менен бир катарга кошуп коёт.

Буга кошумча уюмдарда иштеген кызматкерлерге же фонддорго каржылык колдоо көрсөткөндөр алты жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«Amnesty International» укук коргоо уюму прокуратуранын өтүнүчүн «чектен чыккан чабуул» деп атаган.

Апрелдин соңунда Навальныйдын Орусиянын 34 аймагындагы штабдарын жетектеген Леонди Волков саясий куугунтуктан улам штабдардын ишмердүүлүгүн улантууга мүмкүн болбой калганын айтып, алар мындан ары өз алдынча коомдук-саясий топтор катары калаарын билдирген.

Ал эми Коррупцияга каршы күрөш фондунун башчысы Иван Жданов соттун чечимине карабай иликтөөчү уюм өз ишин уланта берерин кабарлаган.

Коррупцияга каршы күрөш фондун Алексей Навальный 2011-жылы түптөгөн. Андан бери орус бийлигиндеги жогорку кызмат адамдарынын жана алардын жакындарынын коррупциялык иш-аракеттери, мыйзамсыз жыйнаган байлыгы жана мүлкү боюнча журналисттик иликтөөлөрдү жасап келет.

Быйыл жыл башында президент Владимир Путинге таандык деген имараттар жөнүндө иликтөө жарыялаган. Анда Краснодар аймагындагы Геленжик курорттук шаарына жакын жердеги Путинге таандык экени айтылган «хан сарай» тууралуу сөз болгон. Бул фильмди YouTube порталында 115 миллиондон ашык адам көргөн.

Иликтөө чыккандан бир жума өткөндөн кийин Германиядан дарылануудан келген Алексей Навальный Москвада аэропорттон эле камакка алынган. Ал мындан алты жыл мурдагы иши боюнча “шарттуу жазанын эрежесин сактаган жок” деп айыпталып, 2,5 жылга кесилген. Учурда Владимир облусунун Покров шаарындагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан саясатчынын ден соолугу начарлап кеткени айтылууда. Ал өзүнө тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлбөй, көз карандысыз дарыгер киргизилбей жатканы үчүн нааразы болуп ачкачылык жарыялаган. Бирок аны 23-апрелде ден соолугуна байланыштуу токтотууга аргасыз болду.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG