Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Москва соту Навальный түптөгөн фонддордун ишмердигин чектеди


Навальныйды колдогон акциядан бир көрүнүш
Навальныйды колдогон акциядан бир көрүнүш

Москва соту абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный түптөгөн Коррупцияга каршы күрөш фондунун жана Жарандардын укугун коргоо фондунун ишмердигин чектеген чечим чыгарды. Мындай өтүнүч менен кечээ Москванын прокуратурасы сотко кайрылган эле. Сот чечимине ылайык, сөз болгон фонддордун ишине кандай чектөөлөр киргени так айтыла элек. Бул боюнча прокуратуранын арызы жабык каралып, журналисттер киргизилген жок.

26-апрелде Москванын прокуратурасы Алексей Навальныйдын аймактардагы штабдарынын ишин токтоткону белгилүү болгон. Ушул эле күнү соттон саясатчы түптөгөн Коррупцияга каршы күрөш фондунун (ФБК) жана Жарандардын укугун коргоо фондунун ишмердигине тыюу салууну суранган болчу.

Прокуратуранын мындай аракети Алексей Навальный түптөгөн уюмдарды "экстремисттик" деп таануу боюнча демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат.

Орус прокуратурасынын бул аракеттерин эл аралык уюмдар жана орусиялык укук коргоочулар айыптап чыгышты. Алар эгер Навальныйга тиешеси бар уюмдарды сот “экстремисттик” деп тааныса, бардык кызматкерлер алты жылдан 10 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн деп камтама болушууда.

Коррупцияга каршы күрөш фондун Алексей Навальный 2011-жылы түптөгөн. Андан бери орус бийлигиндеги жогорку кызмат адамдары жана алардын жакындарынын коррупциялык иш-аракеттери, мыйзамсыз жыйнаган байлыгы жана мүлкү боюнча журналисттик иликтөөлөрдү жасап келет.

Орус оппозициясынын лидери саналган 44 жаштагы Алексей Навальный алты жыл мурдагы иши боюнча “шарттуу жазанын эрежесин сактаган жок” деп айыпталып, 2,5 жылга кесилген. Учурда ал Владимир облусунун Покров шаарындагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат. Анын тарапкерлери жана бир катар Батыш өлкөлөрү Навальныйга карата саясий куугунтук болуп жатканын айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG