Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Орусия: оппозициячыл саясаты Ройзман тогуз суткага камалды


Евгений Ройзман
Евгений Ройзман

Орусияда Екатеринбургдун мурдагы мэри Евгений Ройзман оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдогон билдирүүлөрү үчүн тогуз суткага камалды. Екатеринбургдун соту Ройзман ушул жылдын 31-январында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдоо акцияларына чакырык жасаган деп тапты. Полициянын версиясына ылайык, саясатчы "Твиттердеги" билдирүүлөрү аркылуу уруксатсыз акцияга адамдарды катышууга үндөгөн.

Ройзман полиция таккан күнөөнү четке кагып, эмнеге айыпталып жатканын өзү да түшүнбөй жатканын билдирди. Ал соттук жараяндын алдында акыркы жолу 38 жыл мурун абакка камалганын журналисттерге айтып берди.

59 жаштагы Евгений Ройзман Орусиядагы оппозициячыл саясатчылардын бири. Ал өлкөдөгү ири шаарлардын бири болгон Екатеринбургду 2013-2018-жылдары башкарган.

Кремлдин башкы сынчысына айланган Навальный быйыл жыл башында камалган. Ага 2014-жылкы кылмыш иш боюнча "шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок" деген негиз менен 2,5 жылга эркинен ажыратылган.

Навальный камалган соң анын тарапкерлери Орусиянын бир нече шаарларында нааразылык акцияларын уюштурган. Анын жүрүшүндө миңдеген кишилер кармалган.

XS
SM
MD
LG