Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

ФБК: Навальный негиздеген фонддун үстүнөн сот башталат


Москва. Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун юристи Любовь Соболь сотко келген учур. 12-апрель, 2021-жыл.
Москва. Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун юристи Любовь Соболь сотко келген учур. 12-апрель, 2021-жыл.

Москвада орусиялык оппозиционер Алексей Навальный түзгөн Коррупцияга каршы күрөшүү фондун экстремисттик уюм деп таануу боюнча прокуратуранын арызы шаардык сотто карала турган болду. Муну менен бийлик Кремль төбөлдөрүнүн кыңыр иштерин ашкерелеген фонддун ишин толугу менен токтотуп, коррупцияга каршы иликтөөлөрдү үзгүлтүккө учуратууга бел байлаганы тууралуу 26-апрелде Навальныйдын командасынын кайрылуусу жарыяланды.

Фонддун өкүлдөрүнүн катышуусунда баштапкы соттук угуу 26-апрелде өтүп, ал эми сот жараяны 29-апрелге дайындалган.

“Бизге каршы кандай айыптоолор коюлганын толук биле элекпиз. Бардык далилдер мамлекеттик сыр катары жашырылган ”, – деп жазылган фонддун кайрылуусунда.

Кайрылууда Алексей Навальный Германиядан дарылануудан кайтып келери менен камап, ага каршы кылмыш ишин козгогон жагдай Орусия менен Батыштын ансыз дагы оор мамилесин чыңалууга кептегени белгиленген.

Навальный негиздеген уюм президент Владимир Путин баш болгон жогорку кызмат адамдарынын байлыгын ашкерелеген чуулгандуу иликтөөлөрдү жарыялап келет.

Москванын прокуратурасы 16-апрелде Навальныйга байланыштуу Коррупцияга каршы күрөшүү фондун, Жарандардын укугун коргоо борборун жана анын аймактык бөлүмдөрүн “экстремисттик” уюмдар катары таануу жана алардын ишмердигине тыюу салуу үчүн сотко кайрылган. Доо арызда бул уюмдар “саясий туруксуздукка алып келүүчү күчтөр” катары сыпатталган. Эгерде бул уюмдар “экстремисттик” деп табылса, анда анын кызматкерлери алты жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Прокуратуранын бул арызын эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары айыптаган.

Өткөн аптада Навальныйдын эки миңге чукул тарапташы аны колдогон акцияларга катышканы үчүн кармалганы белгилүү болду.

Алексей Навальный үч жумадан бери ачкачылып жарыялап, абалы оорлошуп, жакында абактын ооруканасына түшкөн. Алексей Навальный 23-апрелде ачкачылык кармоону токтотконун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG