Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:51

АКШ-Орусия: жолугушуудан кийинки маанай


АКШнын президенти Жо Байден жана Орусиянын лидери Владимир Путин. 16-июль, 2021-жыл. Женева.
АКШнын президенти Жо Байден жана Орусиянын лидери Владимир Путин. 16-июль, 2021-жыл. Женева.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусу "конструктивдүү" жана "позитивдүү маанайда" өткөнүн эки лидер маалымат жыйында билдиришти.

Женевадагы La Grange хан сарайында өткөн АКШ президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусу күтүлгөндөн бир саат эрте аяктады.

Алгач эки лидер Американын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана котормочулар менен тар чөйрөдө бир жарым сааттай сүйлөштү. Андан соң эки тараптын башка расмий өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген форматка өтүштү. Жолугушуудан кийин эки лидердин атынан стратегиялык туруктуулук боюнча билдирүү жарыяланды.

Документте "Биз өзөктүк согушта жеңүүчүлөр болбойт жана ал эч качан болбошу керек деген принципти көздөрүбүздү ырастайбыз. Бул максатка жетиш үчүн Орусия жана АКШ стратегиялык туруктуулук боюнча комплекстүү эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жакын арада башташат", - деп жазылган.

Эки президент мурда белгиленгендей эле биргелешкен маалымат жыйын өткөрүшкөн жок. Жолугушуудан кийин ар бири өз алдынча журналисттердин алдына чыгып, суроолоруна жооп беришти.

АКШнын президенти Жо Байден.
АКШнын президенти Жо Байден.

Байден адам укуктары негизги маселелердин бири болгонун айтты

АКШнын президенти Жо Байден журналисттер менен ачык асман алдында жолугушту. Ал сүйлөшүү позитивдүү маанайда өткөнүн билдирди. Американын президенти жолугушууда адам укуктары тууралуу маселе негизги болгонун баса белгиледи:

"Бул деген Орусияга адам укуктары үчүн чабуул жасоо дегенди билдирбейт. Анткени биз ушундай болушубуз керек. Мен кантип АКШнын президенти болуп туруп, кайсы бир жерде адам укуктары бузулуп жатса көз жуумп коюшум керек? Бул жерде биз Орусия жана башка мамлекеттер тууралуу айтып жатабыз. Ошол себептен Алексей Навальныйдын окуясы бизди тынчсыздандырат. Мен Путинге адам укуктары тууралуу суроолорду көтөрүүнү уланта берерибизди жеткирдим".

Байден ошондой эле сүйлөшүүдө Орусияда камакта отурган америкалыктар Пол Уилан менен Тревор Рид тууралуу маселе козголгонун айтты.

Саммиттин жыйынтыгы тууралуу айтып жатып Американын башчысы Путиндин аракеттери Москванын дүйнөлүк аренадагы турумун "алсыздандырып" жатканын кошумчалады.

Ошондой эле, Байден эгер Орусия АКШдагы шайлоолорго кийлигишүүнү жана киберчабуулдарды уюштурууну уланта берсе, кесепети оор болорун эскерткенин билдирди. Андан тышкары Беларустагы кырдаал талкууланганын кошумчалады.

"Мындан ары эмне болорун көрөбүз. Стратегиялык туруктуулук жана киберчабуулдар тууралуу сүйлөшүүнүн ийгиликтерин жарым жылдан кийин бааласак болот", - деген Байден Путин "кансыз согушту" каалабагандай сезим калтырганын кошумчалады.

Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Путин: "Сүйлөшүү конструктивдүү өттү"

Путин сүйлөшүүлөр "кыйла конструктивдүү" өткөнүн белгилеп, анда эч кандай кастык сезилбегенин кошумчалады.

"Биздин көз караштарыбыз бир катар суроолор боюнча келишпейт, бирок менимче эки тарап тең бири-бирин түшүнүүнү кааларын жана жакындашуунун жолдорун издеп жатканын көрсөттү", - деди Путин.

Ал ошондой эле чыңалууну басаңдатуу максатында эки лидер элчилерин өз кызмат ордуларына кайтарууну макулдашканын айтты.

Мындан үч ай мурда Байден Путинди "киши өлтүргүч" деп атагандан кийин Москва АКШдагы элчиси Анатолий Антоновду чакыртып алган. Ал эми Американын Орусиядагы элчиси Жон Салливанга Кремль кеңешүү үчүн Вашингтонго барууну сунуштаганда Москвадан чыгып кеткен.

Путин элчилер качан кызматына киришерин тактаган жок. Ошондой эле, ал Байден менен киберкоопсуздукту, аймактагы жаңжалдарды, Украинадагы кырдаалды, соода алакаларын жана Арктикадагы кызматташууну талкуулашканын билдирди.

"Украина тууралуу айта турган болсом, бул тема дагы көтөрүлдү. Мен түшүнгөндөн Байден Украинанын түштүк-чыгышындагы кырдаалды жайгаруу Минск макулдашуусунун алкагында өтүш керек дегенге макул", - деди Путин.

Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный тууралуу суроого жооп берип жатып, Путин адаттагыдай эле анын ысымын атаган жок.

"Ага издөө жарыяланган, ал ушуну билип туруп келди. Кармаларын түшүнүп туруп келди", - деп жооп берди.

Навальный быйыл январь айында Германиядан дарылануудан кайтып келери менен камалган. Буга чейин АКШ анын бошотулушун талап кылган эле.

Байден Путин менен жолугушууда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматы тууралуу маселени көтөргөнү маалым болду.

Путин радиого байланыштуу маселени "Тышкы иштер министрлиги аркылуу чечсе болорун" билдирип, чоо-жайын тактаган жок.

Президенттер бири-бирине эмне белек беришти?

Владимир Путин Жо Байденге "Москва" деп аталган жазуу куралын белекке бергенин Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал эми Байден Путинге күндөн коргоочу көз айнек жана бизондун хрусталдан жасалган кичинекей скульптурасын тапшырды. Ак үйдүн өкүлүнүн айтымында, америкалык бизон "күч, биримдик жана кайраттуулукту көрсөткөн Американын эң чоң жаныбарларынын бири деп саналат".

Эки лидердин жолугушуусу Вашингтон менен Москванын алакасы "кансыз согуштан" берки эң эле чыңалып турган маалга туш келди.

Соңку жарым жылда Кошмо Штаттар эки жолу орус аткаминерлерине санкция киргизген. Буга Москванын АКШ президентинин шайлоосуна ыктымал кийлигишүүсү, Solar Winds компаниясына жасалган киберчабуул, оппозиция лидери Алексей Навальныйдын ууландырылышы жана камалышы түрткү болгон.

Кремль адаттагыдай эле бул дооматтардын баарын четке кагып келет. Байден кызматка келгени Өзөктүк куралдарды көзөмөлдөө жаатындагы келишимдин мөөнөтүнүн узартылышына макул болгон жана "Түндүк агым-2" газ куурунун курулушуна вето коюуну четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG