Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

Орусиянын АКШдагы элчиси "киши өлтүргүч" сөзүнүн жаңжалынан кийин Москвага кайтып келди


Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов. Нью-Йорк. 2019-жылдын 26-сентябры.
Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов. Нью-Йорк. 2019-жылдын 26-сентябры.

АКШ президенти Жо Байдендин орусиялык кесиптеши Владимир Путинди "киши өлтүргүч" деп атагандан кийин Кремль менен Вашингтондун ортосунда чыңалуу күчөп турган кырдаалда, АКШдагы орус элчиси Анатолий Антонов шашылыш кеңешүүгө чакырылып, 21-мартта Москвага кайтып келди.

Аптанын башында Байдендин сыналгы үчүн курган маегинде айткан "киши өлтүргүч" сөзү өз кезегинде Владимир Путиндин АКШ президентине "ден соолук" каалаган жообун алды. Путин какшыктап, кээ бир кишилер өздөрү чындыгында ким болсо, башкалардан ошону көрөт, деп кошумчалады.

Байдендин сыналгы кабарчысы менен маектешүүсүнүн алдында эле АКШнын Улуттук чалгындоо директорунун кеңсеси “Орусиянын бир катар өкмөттүк уюмдары президент Байдендин былтыркы президенттикке талапкердигин жана Демократиялык партияны каралоого багытталган иш-аракеттерди жүргүзгөн” жана Путин аларга уруксат кылган, деген баа камтылган баяндаманы жарыялаган болчу.

Баяндамага караганда, орусиялык бийликтер мурдагы америкалык президент Доналд Трамптын талапкерлигин колдоп, шайлоо жүрүмүнө болгон элдин ишенимин кетирип, Америка Кошмо Штаттарындагы социалдык-саясий жиктелүүнү күчөтүүгө салым кошкон.


Расмий Кремль бул баяндаманын корутундусун дароо четке кагып, анын бүтүмдөрү "таптакыр негизсиз" деп билдирген.

Элчи Анатолий Антонов 21-март күнү таңга маал Москванын Шереметьево аба майданына конду. Бул тууралуу орусиялык маалымат агенттиктери кабарлашты. Антонов бул аптадагы сөз жаңжалына байланыштуу кайра чакыртылып алынды. (TT)

XS
SM
MD
LG